Жапаров бюджетти 400 млрд. сомго чыгаруу үчүн каяктан акча табарын айтты. Видео

Жазылуу
Кечээ парламент 2022-жылга карата бюджеттин долбоорун биринчи окуудан колдоду. Талкуу учурунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бюджетти толтуруу боюнча дымактуу планын айтып берди.
Финансы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасап, кийинки жылы консолидацияланган бюджет 400,7 миллиард сомго жетерин билдирди. Бул бардык бюджетти кошуп эсептөөдөн чыккан сумма. Ал эми чыгашасы 399,7 миллиард сомду түзүп, профицит 1 миллиард сом болору пландалган.
Консолидацияланган бюджетке төмөнкүлөр кирет:
  • Мамлекеттик бюджет (республикалык жана жергиликтүү) — киреше 302,7 млрд., чыгаша 310,8 млрд., дефицит 8,1 млрд.;
  • Республикалык бюджет — киреше 279,6 млрд., чыгаша 288,7 млрд., дефицит 9,1 млрд.;
  • Социалдык фонд — киреше 38,4 млрд., чыгаша 40,3 млрд., дефицит 1,9 млрд.;
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду — киреше 1,9 млрд., чыгашасы да ушул суммага барабар;
  • Активдер жана милдеттемелер — киреше 54,5 млрд., чыгаша 46,6 млрд., профицит 7,9 млрд.
Жыйында депутат Таабалды Тиллаев мындай дымактуу планды колдой турганын айтып, бирок анчалык көп сумманы каяктан табарына кызыгып сурады.
Буга жооп берген министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров негизги киреше булагын салык менен бажы тармагынан күтүп жатканын билдирди. Аны менен катар бийликтин саясий эркине ишенип турганын айтты.
"Бажы кызматына 50 миллиард сомдон ашык, Салык кызматына да 50 миллиарддан ашык кошулат. Атайын каражаттар жана салыктык эмес кирешелер менен жалпы жонунан 2 миллиард долларга жакын (болжол менен 170 миллиард сом) кошумча акча табабыз деп жатабыз. Ушунун баары жаңы Салык кодекси менен иреттелет. Бизде саясий эрк бар, мен ошого ишенем. Быйыл 6-7 тоннанын тегерегинде алтын ала турган болсок, эмдиги жылы 15тен 18 тоннага чейин алабыз. Анын таза кирешеси 300дөн 400 миллион долларга чейин барат. Ошентип кен казуучулардан дагы чоң киреше тапканы турабыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал мурда бажыдан бирөөлөрдүн чөнтөгүнө жыл сайын 1 миллиард долларга чукул акча кетип жатканын кыйытты.
Бай киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Акылбек Жапаров Кыргызстандагы бай менен кедейлердин санын айтты
"1 миллиард кетчү беле так билбейм. Бирок эмдиги жылы 50 миллиард сом кошулса, демек, ошончо акча бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жүргөн да. Биз ушунун баарын жокко чыгаруу тапшырмасын алдык. Мен ошондой милдет менен премьер-министр болуп келдим. Эгер салыкчыларды айтсак, ар бир сектор, экономика, дүкөн жегичтердин аянтчасы болуп калган. Акча бюджетке түшпөй эле калкалагандарга берилип кетчү. Ошондой жаман көрүнүштү жокко чыгаруудабыз", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Парламенттин шаршемби күнкү жыйынында 2021-жылдын такталган бюджетин бекитүү долбоору да каралып, биринчи окуудан өттү.
Жыл башында Республикалык бюджет 172,9 миллиард сом болуп бекитилген. Ал сумма 188,2 миллиард сомго көтөрүлүп, 15,3 миллиардга өсүп жатат. Ал эми чыгаша 181,3 миллиард сом деп белгиленсе, азыр 207,400 миллиард сомго чыгууда. Демек, жыл башындагы 8,4 миллиард сомдук дефицит 19 миллиард сомго чейин өсөт.
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликтин колуна канча акча берерин тизмектеди
"Чыгашалардын өсүшү социалдык милдеттемелерди каржылоого жана капиталдык салымдарга байланыштуу. Ошондой эле медицина жана маданият кызматкерлеринин маянасын жогорулатууга, COVID-19 боюнча компенсация төлөөгө, вакцинацияга, гемодиализге, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, энергетикага, Мамлекеттик ипотекалык компанияга керектелет", — деди финансы министри Алмаз Бакетаев.
Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүү саясаты так аныкталып бүткөнүн белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда 200 миң бай үй-бүлө бар. Бир миллионго жакын орто катмар, 200 миң үй-бүлө кедей жашайт. Мындан кийин өкмөт колунда жок тургундарга айыл өкмөт аркылуу эмес, түз жардам берет.
Жаңылыктар түрмөгү
0