Казакстандагы кафедеги үрөй учурган жарылуу эмнеден чыкканы айтылды. Видео

Жазылуу
Казакстандын Актау шаарындагы кафе эмнеден улам жарылганы аныкталды. Sputnik Казакстан агенттиги Мангистау облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментине таянуу менен кырсыкка газ баллондун жарылышы себеп болгонун жазды.
Маалыматка ылайык, жарылуу болгон жерден эки газ баллонду алып чыгышкан, уранды алдында дагы экөө жатат. Талкаланган имараттын аянты 100 чарчы метрди түзөт. Адамдар жаракат алган жок.
"Шеркала" комплексинин ээси бардык кызматкерлер саат 20:00гө чейин чыгып кетишкенин тастыктады. Андыктан жарылуу учурунда ичинде эч ким болгон эмес. Авариялык-куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 70 кызматкер, 11 техника, 150 полиция кызматкери, жарандык инженердик кызматтардын 20 техникасы тартылды", — деп айтылат маалыматта.
Американский репер Трэвис Скотт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
АКШ: концертте тебелендиде калып, 8 адам көз жумду. Арасында өспүрүмдөр бар
Жарылган кафенин жанында болжол менен 11 автоунаа болгон. Алардын баарына чачыранды тийип талкаланган.
Белгилей кетсек, 7-ноябрда Актау шаарындагы "Аянат" кафеси жарылып, имарат толугу менен урап түшкөн. Кафе эки кабаттуу "Шеркала" комплексинде жайгашкан. Анын ичинде кийимдер дүкөнү, автоунаа тетиктери, ресторан, сауна, унаа оңдоочу жай жана кампа жайгашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0