Ымыркайды 40 миң сомго баалап... Милиционерлердин бала "сатып алган" видеосу

Жазылуу
Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлери жаңы төрөлгөн ымыркайды сатууга аракет кылган аялды аныктады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Укук коргоо органдарына шаар тургуну жасалма документ даярдоо менен алектене тургандыгы боюнча маалымат түшкөн. Жыйынтыгында милиция кызматкерлери жасалма документ менен жаңы төрөлгөн ымыркайды сатууга даярданып жаткан аялды аныкташкан.
Бул боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, ИИМ кызматкерлери баланы сатып ала турган тарап болгон. Алар аялдан ымыркайды "сатып алууга" барып, аны 40 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн.
Жаңы төрөлгөн наристенин кыз экени айтылып, ал Жалал-Абад шаардык балдарды коргоо бөлүмүнө берилгени кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0