Көмөлөтө коюп, жаткыра чаап. UFC 268 таймашындагы жайлатылган видео

1357
(жаңыланган 11:50 11.11.2021)
UFC уюму кезектеги 268-мелдешин АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Madison Square Garden спорттук аренасында өткөрдү.

Мелдештин башкы беттешинде лиганын жарым орто салмагынын чемпиондук куру үчүн таймашта Камару Усман Колби Ковингтонду жеңди. Кыз-келиндер дивизионундагы эң жеңил салмакта Роуз Намаюнас менен Вейли Жангдын чемпиондук наам үчүн кыл чайнашкан кармашы болду. Турнирде ары таамай, ары кубаттуу соккулар менен бири экинчисин багындырган Жастин Гэтжи менен Майкл Чендлердин мушташы кеченин эле эмес, жылдын таймашы аталды. 

UFC 268 мелдешиндеги мушкерлердин бири-бирин сулата тээп, жыга чапканын, кызыктуу чабуулдарын, өзгөчө техникаларын жайлатылган тасмадан көрүңүз.

1357
Белгилер:
UFC, мелдеш, беттешүү, сокку, нокаут, видео, кызыктуу учурлар
Тема боюнча
UFC: элди кайдыгер калтырбайт деп бааланган жыл ичиндеги кармаштардын видеосу
Соккунун тийгени даана көрүнүп... UFC мелдешинин жайлатылган видеосу

Келечегибиз аныкталат! Жапаров элди активдүү добуш берүүгө чакырды. Видео

90
Өлкө башчы Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берип, жарандарды ага активдүү катышуу менен атуулдук милдетин аткарууга чакырды.

Президент Бишкектин Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо участкасына жубайы Айгүл Жапарова менен келди.

Өлкө башчы келер алдында көйгөй жаралып, урна бюллетендерди кабыл албай жатты. Бирок бир аз убакыттан кийин мүчүлүштүк жоюлду.

Добуш берип бүткөн соң өлкө башчы элге кайрылды.

"Урматтуу кыргызстандыктар, бүгүн бизде Жогору Кеңештин депутаттарын шайлоо процесси өтүп жатат. Ошондуктан бардык жарандарыбызды шайлоо процессине активдүү катышып берүүңүздөрдү суранам. Ар бириңиздердин берген добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн, балдарыңыздардын келечеги аныкталат. Дагы бир жолу сиздерден суранып кетемин, шайлоого келип активдүү катышып бериңиздер", — деген Жапаров.

Президент андан кийин жумушчу сапары менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп кетти. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Кайра кечинде эле Бишкекке кайтып келмекчи.

90
Белгилер:
Садыр Жапаров, президент, шайлоо, добуш берүү
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси
Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарова шайлоодо добуш беришти

Адамды апкаарыткан айнек көпүрө: Кытайдагы башкача кооздуктун видеосу

53
Бийиктикте орнотулган айнек көпүрөдөн төмөн жакты карап, токойду, күнгө чагылыша аккан сууну жана тоолорду көрүүгө болот. Керемет ирмемдер!

Бул көздүн жоосун алган сулуу аймактагы көпүрө Сычуань провинциясында жайгашкан Башань чоң каньонунун үстүнө орнотулган. Ал жакында эле ачылып, жаратылышка бийиктиктен суктангандарга кызмат кылары айтылды.

Албетте, бул жерге биринчи ирет келген коноктордун таңгалуусу менен суктануусу сөз менен айтып жеткире алгыс болгон. Маалыматта бардык курулуш материалдар айнек панелдерден жасалганы жана сапаттуу, бекем экендиги айтылган.

Туристтерге бут алдындагы жапжашыл жаратылышка, аскаларга моокуму кангыча суктанып караганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ал жердеги он сегиз бурулушу бар шоссе, өтө ийри-буйру болуп кеткен өзгөчөлүгү менен адамдарды апкаарыткан башкача сезим тартуулайт.

53
Белгилер:
Кытай, айнек, көпүрө, аска
Тема боюнча
Көз талдырат! Кыргызстандагы эң узун тоннель кантип курулууда. Видео
Сонун болуптур! Кыргызстандагы эң чоң көпүрөнүн асмандан көрүнүшү
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркмөнстанда өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммити учурунда

Региондо тынчтык болбосо кызматташуу мүмкүн эмес! Жапаровдун Ашхабаддагы сөзү

11
(жаңыланган 17:37 28.11.2021)
Өлкө башчы региондо тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономика жаатында ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркмөнстанда өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитинде сөз сүйлөп, уюмдун алдындагы жаңы милдеттерди санап өттү.

Белгилей кетсек, бул уюмга Борбор Азия өлкөлөрү жана Жакынкы Чыгыштын бир катар мамлекеттери мүчө.

Президенттин кебин анын маалымат кызматы жарыялады. Жапаровдун айткандарын тезис менен беребиз:

  1. климаттын өзгөрүп жатканын белгилеп кетүү маанилүү, себеби бул маселе өтө олуттуу глобалдык көйгөй, аны чечүү үчүн бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун токтоосуз аракети талап кылынат;
  2. абадагы көмүртектин көлөмүн төмөндөтүү жана циклдүү экономиканы пландуу өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты жандандыруу жана бекемдөө зарыл;
  3. Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылат. Кайра калыбына келүүчү энергия булактары, биринчи кезекте, гидроэнергетика көмүртексиз өнүгүү саясатынын локомотиви болот; 
  4. уюмдун алкагында гидроэнергетика комплексинде инвестициялык кызматташтыкты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде түзүүнү жана парник газдарын бөлүп чыгаруунун көлөмүн азайтуу жолу менен климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү; 
  5. соода-экономикалык чөйрөдө региондук кызматташтыкты жүзөгө ашыруу үчүн ЭКУнун бардык өлкөлөрүндө долбоорлорду каржылоонун реалдуу системасын түзүүгө багытталган масштабдуу реформаларга убакыт келди;
  6. кеңейтилген региондук кызматташууда, экономикалык өсүштө жана чөлкөмүбүздү өнүктүрүүдө экономикабыз үчүн артыкчылыктуу болгон транспорт жана коммуникация, өнөр жай, энергетика, соода жана инвестиция, туризм, айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу тармактарда тийиштүү стратегия иштеп чыгып, аны ишке ашырууда чечкиндүү болушубуз керек;
  7. Кыргызстан ЭКУнун башка өлкөлөрү менен биргеликте Чыгыш — Батыш жана Түндүк — Түштүк транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө жигердүү катышууда. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнө Түркмөнстан жана Иран аймактары аркылуу Перс булуңуна чыгууга мүмкүнчүлүк берет;
  8. Кыргызстан ЭКУ аймагында транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү боюнча ЭКУнун иш-аракеттер программасына кирген Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолун куруу долбоорун илгерилетүүгө чоң маани берет;
  9. Кыргызстан Шахид Ражаи портун пайдалануу аркылуу Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан — Иран каттамы боюнча транспорт коридорунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жаатында жигердүү иш жүргүзүп жатат;
  10. региондо тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономика жаатында ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эмес. Афганистандагы кырдаал ЭКУ өлкөлөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Кыш мезгилинин алдында Афганистандагы социалдык-экономикалык абал өзгөчө тынчсыздандырат. Дал ушул гуманизм принциптеринин негизинде учак менен Кыргызстан Кабулга, ошондой эле жүк ташуучу транспорттор менен алыскы Кичи жана Улуу Памирдин аймактарынын тургундарына гуманитардык жардам жеткирди. Кыргызстандан билим алып жаткан афган жарандарына студенттик виза берүүнү улантуу чечимин кабыл алды. Афганистандын жарандык согуштун туңгуюгуна түшүп кетишине жол бербөө үчүн болгон күч-аракетти жумшоо маанилүү;
  11. ЭКУга мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүү деңгээлдеринин ортосундагы айырманы азайтуу максатында биргелешкен, жыйынтыгында баары биригип келип, бирдиктүү натыйжа бере турган тиешелүү чараларды көрүү зарыл;
  12. бүгүн кабыл алып жаткан "Ашхабад декларациясы" уюмубуздун бардык мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарына жооп берет.

Садыр Жапаров Кыргызстанга бүгүн кайтат.

11
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, Ашхабад
Тема боюнча
Жапаров Бердымухамедов менен жолугуп, кызматташчу өзгөчө багыттарды атады
Садыр Жапаров Ашхабадга жетти. Аэропорттогу сүрөт, видео