Кабылан арстандын күчүгүн жеп кетти. Аянычтуу видео

Жазылуу
Тасмада Танзаниядагы Руаха улуттук паркында болгон окуя көрсөтүлгөн. Видеону канадалык турист Скотт Хайман тарткан.
Турист жолдо бара жаткан кабыланды көрүп калган. Жырткыч капысынан эле жыш өскөн куурайлардын ичине кирип арстандын күчүгүн тиштеп чыккан.
"Ал чуркап жөнөдү да, жол жээгиндеги бакка чыгып кетти. Бутактарга отуруп алып бала-арстандын башын чайнап, жеп салды", — деген Хайман.
Арстан күчүгүн ажалдан сактап кала алган эмес. Эгер ал кабыландын артынан кубалаганда башка балдарынын өмүрүнө да коркунуч жаралмак. Анын үстүнө арстан леопард сыктуу бакка чыга албайт.
Аяп... Кабыландын антилопанын алсыз баласына кол салган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Аяп... Кабыландын антилопанын алсыз баласына кол салган видеосу
Арстандар үч күчүккө чейин тууйт. Баласынын салмагы 2,1 килограмм болот. Ал балдарын жырткычтардан коргоо үчүн бир айда бир нече жерге көчүрүп турат. Бул тактикалык амал деле ар дайым пайда алып келе бербейт. Алгачкы алты айда күчүктөрдүн жарымы кырылып калат. Бала-арстандардын 20 пайызы эки жылдай жашайт, бирок бул убакытка чейин алар өздөрүн багууга жөндөмдүү болушат.
"National Geographic Россия" белгилегендей, кабыландар ар кандай жаныбарларды жей беришет. Алар жерде да, бакта да аңчылык кыла алышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0