Үмүт үзүлгөндө утуп... UFC жеңишке кеч жеткендердин видеосун топтоду

184
Төрт мүнөттүк видеодо көрүүчүлөр калыстардын чечимин күтүп, жеңүүчүнү да болжолдоп койгондо беттештин кызыктуу учурлары болуп кеткени көрсөтүлгөн.

Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) жеңишке кеч жеткендерди топтоду. Айрым кармаштар беттешти токтотууга белги берген үн чыгарылганга аз калганда бүткөн. Ошондой эле утууга мүмкүнчүлүгү барлар жеңишин алдырып жиберген.

Видеотоптомдо Грант Доусондун, Пол Крэйгдин, Леон Эдварддын, Рики Саймондун нокауттары жана Яир Родригестин жеңиши камтылган.

184
Белгилер:
UFC, беттешүү, жеңиш, видео
Тема боюнча
Бразилиялык 180 килограммдык мушкер жаакка жеп нокаутка түштү. Видео
Соккунун тийгени даана көрүнүп... UFC мелдешинин жайлатылган видеосу
UFC: элди кайдыгер калтырбайт деп бааланган жыл ичиндеги кармаштардын видеосу

Акыры өлтүрүп тынды. Сууда алышкан ак аюу менен бугунун видеосу

56
Интернет айдыңында мелмилдеген сууда ак аюу мүйүздөрү аркайган бугунун артынан сая түшүп, кууп бара жаткан видео тарады.

"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, кишинин тынчын алып, кыпылдаткан бул окуя былтыр Норвегиянын Шпицберген архипелагында августтун аягында болгон.

Бугу душманы ак аюудан кургакты көздөй чуркабай, сууга кире качып, өзүн кооптуулукка кептеген. Польшанын илимий станциясынын изилдөөчүлөр тобу эки жаныбардын кармашын видеого тартып алган. Маалыматта негизи эле жогорудагы жырткычтын түндүк бугуга аңчылык кылган учурунун биринчи ирет камерага тартылгандыгы айтылган.

Кадрдан жаш ургаачы аюу шыргалаң сууда бугунун артынан сая түшүп алып сүзүп бара жаткандыгын көрүүгө болот. Ал бир нече мүнөткө созулуп, акырында жырткычтын мүйүздөрүн арткайтып, жаныбарды жээкке сүйрөп чыккан.

"Баары ушунчалык таңгалычтуу болгондуктан, документалдуу фильм көргөндөй абалда калдык. Мындан кийин буга окшогон окуяга эч качан туш келбейбиз дагы", — деген Гданьск университетинин биологу Изабела Кулашевич.

Ак аюу сууда эң сонун сүзөт, ал эми кургакта качкан бугуга жетпей калышы турган иш. Андан сырткары, Арктиканын башка бөлүктөрүндө түндүк бугуларга анча кооптуулук жаралбайт. Ал эми Шпицбергенде бул жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салынгандыктан, National Geographic саксактап, натыйжада алар аярлыгын бир топ жоготуп койгонун жазды.

56
Белгилер:
Норвегия, National Geographic, Россия, ак аюу, бугу, аңчылык, суу
Тема боюнча
Буйволду арстандын күчүктөрү тирүүлөй жеп... Аянычтуу видео
Ысык-Көлдө аюу менен ак илбирстер коруктун тышына чыкты. Сүрөт

Валентина Шевченко, жаңырган "кара жорго" жана көлдөгү машыгуу. Видео

776
(жаңыланган 16:00 30.11.2021)
UFC чемпиону Валентина Шевченконун Ысык-Көлдүн жээгинде өзү да машыгып, андан сырткары кыргызстандык спортчу кыздар менен өнөктөш катары иштеп жаткан видеосу тарады.

Видеолорду Шевченко Instagram баракчасына жарыялап, Ысык-Көл ага дем-күч берерин жазган. Мушкердин тер төгө спорт менен алектенип жаткан видеосу Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринин жээгинде тартылган. Кадрдан анын насаатчысы Павел Федотов экөөнүн пристанда машыгып жатканын көрүүгө болот.

"Мен Ысык-Көлдө машыкканды аябай сагындым. Бул мага күч бере турган жер", ― деп жазган спортчу өзүнүн Instagram баракчасына.

Шевченко видео ноябрь айында тартылганын белгилеп, жазган. Кыргызстандык мушкердин видеосу кыска убакыттын ичинде бир нече миң жолу көрүлгөн. Катталуучулар Кыргызстандын даңкын чыгарганы үчүн ага ыраазычылык билдирген пикирлерди калтырышкан.

Ал эми чемпиондун спортчу кыз менен өнөктөш катары машыгып жаткан экинчи видоосу да ошол эле пристандан тартылган.

Валентина Шевченко 21-ноябрда өлкөгө келген. Бишкекте ал маалымат жыйынын жана күйөрмандары менен жолугушуу өткөргөн. Садыр Жапаров мушкер кызды кабыл алып, 1 миллион сомдук сертификат тапшырган. 

776
Белгилер:
Валентина Шевченко, машыгуу, Ысык-Көл
Тема боюнча
Шевченко менен Холли Берринин "мушташы". Кинонун бет ачарынын видеосу
Эмоцияга алдырды. Валентина Шевченко Рафаэль Физиев тууралуу оюн айтты
Шевченко Нуньес менен үчүнчү кармашы тууралуу: ал менден өзү качып жаткандай
Медициналык кызматкер жана COVID-19 менен бейтап ооруканада

Коронавирустун 53 жаңы учуру катталып, үч адам көз жумду. Статистика

0
(жаңыланган 09:51 01.12.2021)
Өлкөдөгү ооруканаларда медициналык жардам алып жаткан 378 кишинин ичинен 30унун абалы өтө оор деп бааланды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 53 адамдан коронавирус табылып, 102 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 18;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Баткен облусу – 8.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 404кө жетти. Анын ичинен 178 332 адам дартты жеңген.

Тилекке каршы, бир суткада Чүй облусунда үч адам коронавирустун курмандыгы болгон. Алардын вакцина албаганы айтылды. Муну менен жалпысынан 2 749 киши оорудан каза болду.

Азыркы тапта стационарда 378 бейтап, ал эми амбулатордук шартта 466 киши дарыланып жатат. Ооруканада медициналык жардам алып жаткандардын ичинен 30унун абалы өтө оор.

0
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, статистика, бейтап, оору
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Жугуштуу илдеттер ооруканасы COVID жуктургандарды кайра кабыл алмай болду
Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат