Венесуэлада 12 миң музыкант Чайковскийдин маршын ойноду. Видео

331
(жаңыланган 15:46 15.11.2021)
Аянтка музыка угуу үчүн адатта мынчалык көп санда көрүүчүлөр чогулат, бирок бул ирет 12 миң музыкант Петр Чайковскийдин "Славян маршын" аткаруу үчүн келди. Мындай иш-чара Венесуэланын борбору Каракас шаарында болду.

Дүйнөдөгү эң чоң оркестрдин бул аткаруусун Гиннестин рекорддор китебине каттоо үчүн келгендер өзгөчө музыка майрамына байкоо салып турушканын RT жазды.

Оркестр 12 мүнөт ойногон. Аянтта Чайковскийдин "Славян маршы" жаңырып, чыгарманы чоңдордон тарта кичинекей музыканттарга чейин аткарышкан.

RT буга чейинки рекорд 2019-жылы Санкт-Петербург шаарында коюлганын, анда оркестр Россиянын гимнин ойногонун жазды.

331
Белгилер:
Венесуэла, Россия, оркестр, рекорд
Тема боюнча
Урма аспапчынын таягы ыргып оркестердеги кыздын башына тийгенде. Күлкүлүү видео

Шайлдабекова: бул ирет мыйзамсыздыкты ооздуктоого бийликтин эрки жетти. Видео

322
Бул жолку шайлоодо админресурс, добуш сатып алууларды ооздуктоого мамлекеттик бийликтин эрки жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кечээ, 28-ноябрда, берген маалымат жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейинки жыйындардын биринде Шайлдабекова былтыркы парламенттик шайлоодо БШК, укук коргоо органдары, өкмөт административдик ресурс, добуш сатып алуу боюнча мыйзам бузууларды ооздуктай албаганын айткан. Буга мамлекеттик бийликтин саясий эрки жетпей калганын белгилеген.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы "бул ирет бийликтин эрки жеттиби, алардын аракети БШКны канааттандырдыбы?" деп сурады.

"Мен эрки жетти деп ойлойм. Анткени "кандайдыр бир басым болду" деген арыздар абдан аз түштү. Админресурс боюнча түшкөн билдирүүлөрдүн мазмунун карасак башкача. "Айыл өкмөт үгүт иштерине аралашып жүрөт" деген сыяктуу. Мурдагыга салыштырмалуу административдик ресурстун белгиси таптакыр башка болууда. Санынан да, сапатынан да. Муну коомчулук көрүп турду деп ойлойм. Албетте, бир жолу эле бардык көйгөйдү чечип салуу мүмкүн эмес. Добуш сатып алуулар да сезилерлик деңгээлде азайды", — деди Шайлдабекова.

Мындан сырткары, ал БШК укук коргоо органдары менен тыгыз координацияда иштеп жатканын белгиледи.

"Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосунун натыйжасында кыскартылган бир нече тергөө кайра ачылды. Бул жолу биз укук коргоо органдары менен шайлоо мыйзамдарын бузууга жол бербеген алдын ала эффективдүү чараларды көрө алдык. Бирок бардык шайлоо процессинде мыйзам бузуулар болот. Мисалы, мында арыздардын көбү үгүт эрежелерин бузуу жөнүндө болду. Мурда административдик ресурсту пайдалануу, добуш сатып алуу тууралуу көп түшчү", — деди БШКнын жетекчиси.

Нуржан Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясын 2016-жылдан бери жетектеп келет. Үстүбүздөгү жылдын июль айында экинчи мөөнөткө шайланган.

322
Белгилер:
Нуржан Шайлдабекова, бийлик, жыйынтык, админресурс, добуш
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Жапаров: мурда мен да Шайлдабекованы жаман көрчүмүн, кийин түшүндүм
Байсалов: "Шайлоо" системасы үзгүлтүккө учураган эмес, таблицадан ката кеткен

Кененсаров баштаган "Азия MIX" командасы Москвадагы КВНге катышты. Видео

410
(жаңыланган 15:37 29.11.2021)
Бишкектин "Азия MIX" командасы Москвада КВНдин 60 жылдык юбилейине катышты. Оюн кечээ Россиянын Биринчи каналынан көрсөтүлдү.

"Шайырлар жана тапкычтар клубунун" юбилейлик оюну эң таанымал командаларды чогулткан, арасында мурда кубокту уткандар жана чемпион болгондор бар. Иш-чара 23-ноябрда Москвадагы Crocus City Hall концерттик залында өттү.

Калыстар тобуна Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков, музыкант, саясатчы жана RTVI телеканалынын башкы продюсери Сергей Шнуров, Биринчи каналдын башкы директору Константин Эрнст, режиссер жана алып баруучу Юлий Гусман, Россиянын эл артисти Геннадий Хазанов жана актриса Юлия Пересильд кирген.

Бишкектин командасынын курамында Эльдияр Кененсаров жана иниси Эрмек Кененсаров, Камила Абдил, Сергей Душимов, Азамат Токтосунов, Азамат Уланов жана башкалар ойногон.

Программанын саламдашуу бөлүмүндө кыргызстандыктар Дмитрий Песков тууралуу тамашалуу ыр ырдаган.

"Башчыңар каякта, жолдобу? Ал азыр Кремлде жалгыз отуруп көп маселени чечип жатат. Чалса албайсыңар, бир саат издеди, а силер КВН көрүп жыргап отурасыңар", — деп айтылган ырда.

"Азия MIX" финалды да ыр менен жыйынтыктаган.

КВН 1961-жылдын 8-ноябрынан бери көрсөтүлүп келет.

410
Белгилер:
Москва, 'Азия MIX', КВН, Дмитрий Песков, шоу, юбилей
Тема боюнча
Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт
Кыргызстандык Аскат Осмонов Азиянын келишимдүү жигити сынагына катышууда. Видео
Көчөдө бараткан аял. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

0
30-ноябрь, шейшембиге, караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 30-ноябрда республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9...+14, Таласта +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7, Нарын аймагында -2...+3 градуска чейин көтөрүлөт.

Борбор калаада күндүн табы +12...+14, Ош шаарында +13...+15 градуска чейин жете турганы айтылды.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Дүйнө тынчсызданган "омикрон" штаммынын белгилери, кайдан чыкканы айтылды