Биринен бири өтүп... "Казакстан сулуусу" сынагынын жеңүүчүлөрү видеодо

461
(жаңыланган 10:47 17.11.2021)
Казакстандын чүрөгү болуш үчүн 28 кыз ат салышкан. Сынактын 25 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарада үч кыз өлкөнүн башкы сулуусу деп аныкталып, андан сырткары дагы эки селки тандалган.

Ошентип, Алматы калаасында "Казакстан сулуусу — 2021" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Башкы сулуунун таажысын Актөбе шаарынын тургуну Назерке Кармановага кийгизишкен.

Эми ал казак элинин атынан "Дүйнө сулуусу" сынагында катышарын Sputnik Казакстан жазды.

  • Победительницы финала конкурса Мисс Казахстан — 2021 в Алматы. 16 ноября 2021 года
    Ошентип, Алматы калаасында "Казакстан сулуусу — 2021" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
    © Sputnik / Тимур Батыршин
  • Участница финала конкурса Мисс Казахстан — 2021 в Алматы. 16 ноября 2021 года
    Башкы сулуунун таажысын Актөбе шаарынын тургуну Назерке Кармановага кийгизишкен
    © Sputnik / Тимур Батыршин
  • Участница финала конкурса Мисс Казахстан — 2021 в Алматы. 16 ноября 2021 года
    Ал кыздан сырткары финалга дагы экөө чыккан. Казакстандын атынан "Жер сулуусу" сынагына Анна Глубоковская (Караганда) катышары айтылды.
    © Sputnik / Тимур Батыршин
  • Участницы финала конкурса Мисс Казахстан — 2021 в Алматы. 16 ноября 2021 года
    "Казакстан сулуусу-2019" сынагынын жеңүүчүсү Мадина Батык жана калыстар тобунун төрагасы Марат Бисенгалиев чүрөктөргө таажы кийгизген
    © Sputnik / Тимур Батыршин
  • Участница финала конкурса Мисс Казахстан — 2021 в Алматы. 16 ноября 2021 года
    Беш сулуу гранд-финалга өткөндөн кийин алардын ичинен дагы биринин артыкчылыгын белгилеп, эл түз эфир аркылуу добуш берген
    © Sputnik / Тимур Батыршин
  • Участница финала конкурса Мисс Казахстан — 2021 в Алматы. 16 ноября 2021 года
    "Казакстан сулуусу" акчалай сыйлык жана люкс бренддер менен рекламалык негизде иштешүү үчүн түзүлгөн бир нече келишимдин ээси болуп калды
    © Sputnik / Тимур Батыршин
  • Участницы финала конкурса Мисс Казахстан — 2021 в Алматы. 16 ноября 2021 года
    Мындан сырткары, гранд-финалга чыккан кыздарды аталган сынактын 25 жылдыгына карата өзгөчө байгелер күтүп турганы айтылды
    © Sputnik / Тимур Батыршин
1 / 7
© Sputnik / Тимур Батыршин
Ошентип, Алматы калаасында "Казакстан сулуусу — 2021" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ал кыздан сырткары финалга дагы экөө чыккан. Казакстандын атынан "Жер сулуусу" сынагына Анна Глубоковская (Караганда), ал эми "Аалам сулуусуна" Айдана Ахантаева катышары айтылды. Биринчи вице-мисс Данагүл Карабай "Мисс спорт", ал эми экинчи вице-мисс Карлыгаш Сексен кызы "Мисс Fashion" болгон.

"Казакстан сулуусу-2019" сынагынын жеңүүчүсү Мадина Батык жана калыстар тобунун төрагасы Марат Бисенгалиев чүрөктөргө таажы кийгизген. Беш сулуу гранд-финалга өткөндөн кийин алардын ичинен дагы биринин артыкчылыгын белгилеп, эл түз эфир аркылуу добуш берген.

"Казакстан сулуусу" акчалай сыйлык жана люкс бренддер менен рекламалык негизде иштешүү үчүн түзүлгөн бир нече келишимдин ээси болуп калды. Мындан сырткары, гранд-финалга чыккан кыздарды аталган сынактын 25 жылдыгына карата өзгөчө байгелер күтүп турганы айтылды.

461
Белгилер:
Казакстан, Алматы, финал, сулуулук сынагы
Тема боюнча
"Кыргызстан сулуусу" болом деген перилер. Сулуулук сынагынан 12 сүрөт
"Дүйнөнүн эң сулуу келини" сынагын россиялык Ксения Давыдова утту. Сүрөт

Бүгүн Садыр Жапаров 53 жашка чыкты. Шаардыктардын куттуктоосу видеодо

291
(жаңыланган 15:28 06.12.2021)
Бүгүн – Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал ушул учурда 53 жаш курагын белгилеп жатат.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы көчөгө чыгып кыргызстандыктардын мамлекет башчыга болгон куттуктоосун жана каалоо-тилегин угуп келди.

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгуль менен. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Жарандар ага биринчи кезекте ден соолук каалашты. Ошондой эле президенттик мөөнөтүндө жолдорду, мектептерди, университеттерди оңдоп, Кыргызстанды өнүктүрсүн деген каалоо-тилектерин айтышты.

Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган. Орто мектепти 1986-жылы аяктап, Фрунзе шаарындагы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтуна тапшырган. Бир жылдан кийин Советтик Армиянын катарына чакырылып, кызмат өтөп келген. Андан соң кайра окуусун уланткан. Кийин ЖК депутаты болгондо юридикалык билим алган.

Президент Садыр Жапаров тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар.

291
Белгилер:
Садыр Жапаров, президент, туулган күн, куттуктоо, шаар, эл
Тема боюнча
Келечегибиз аныкталат! Жапаров элди активдүү добуш берүүгө чакырды. Видео
Садыр Жапаров Кара-Кече көмүрү бүгүн 3 000 сомго түшөрүн айтты. Видео

Антарктидада Күн тутулуп, айлананы караңгылык каптаган видео

106
(жаңыланган 13:27 06.12.2021)
Түштүк уюлдун бардык аймагы Күн тутулганда эки мүнөт караңгылыкта калды. Астрономиялык сейрек көрүнүштү "Юнион Глейшер" илимий станциясы Эллсворттон видеого тартып алган.

Күн тутулган процессти толугу менен Антарктидадан гана көрүүгө болот. Ай континенттин үстүнөн жергиликтүү убакыт боюнча Күнгө саат 04:00дө кирип, толугу менен аны 04:33тө жаап калган.

Эске салсак, кыргызстандыктар өзгөчө астрономиялык кубулушка күбө болуп, Күндүн тутулушун көрүү мүмкүнчүлүгүнө 2020-жылы жай айында күбө болгон.

106
Белгилер:
Антарктида, күндүн тутулушу, видео
Тема боюнча
NASA 2017-жылдын эң популярдуу ирмемдерин жарыялады
Аткаминерлер. Архив

Коррупцияга каршы ишкердик кеңешке кирген аткаминерлер. Тизме

0
Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамынан чет элдик эки элчи жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин долбоорлорунун биринин жетекчиси чыгарылган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президенттин алдындагы Коррпуцияга каршы ишкердик кеңештин курамы өзгөргөндүгүн мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Садыр Жапаров аталган кеңештин курамын өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алгачкы курамы туурасында башка материалдан окуса болот.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамынан төмөнкүлөр чыгарылган:

  • Айтен Рустамова — Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору;
  • Габриэла Геллил — Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчиси;
  • Оливье Бангертер — Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси;
  • Фред Хьюстон — АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин "Укук булагы" долбоорунун директору.

Жарлык менен Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамына төмөнкүлөр кирди:

Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин максаты — мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилердин ишин коргоо деп айтылып келет.

0
Тема боюнча
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме
Нарын шаарына мэр болуп 38 жаштагы Курбанов дайындалды
Жапаров Бишкек менен беш облуска сотторду дайындады. Тизме