Жер бетин бербей көчүп бара жаткан крабдардын видеосу

Жазылуу
Жыл сайын көбөйүү маалында крабдар токойдогу баш паанектеген жерин калтырып, көчүп жөнөшөт. Бул жаныбарларга катардагы жарандардан сырткары Австралия өкмөтү өзгөчө кам көрүп келет.
Рождество аралындагы крабдардын массалык көчүүсү Жер бетиндеги таң каларлык процесстердин бири экендигин "National Geographic Россия" сайты жазды.
Кызыл крабдар тропикалык токойдон чыгып, көбөйүү үчүн борбордук жээкти көздөй жөнөшөт. Адатта алар нымдуулук зарыл болгон учурда, тагыраагы, жамгыр күчөгөн маалда (октябрь-январь) көчүшөт.
Краб кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2018
Краб аны жеп жаткан кытайлык кызды тиштеп алган видео
Рождество аралынын (Christmas Island) аянты 135 чарчы чакырым. Индия океанынын Австралия бөлүгү жакта жайгашкан. Миграция учурунда 120 миллион краб аралдын аймагын килем сындуу каптап калат. Токойлор, магистралдар аркылуу көчө баштайт. Андыктан өкмөт уникалдуу бул жаныбарларды сактоо үчүн камкордук көрүүнү колуна алган. Алардын коопсуз көчүшү үчүн убактылуу көпүрөлөрдү курган. Ал эми кээ бир трассалар жаныбарларды өткөрүү үчүн жабылат.
Бул процесс баш-аягы 18 күнгө жакын созулат, баары аба ырайына жараша болот. Эгер жамгыр кечеңдесе, "көч" да кеч болуп, көбөйүү мезгили жакындап калса крабдар жолду тездик менен басып өтөрү айтылды.
Жээкке жеткенден кийин эркектери уюгун казып, андан кийин жупташат да, суу кирип, толкундар күчөгөндө ургаачылары жумурткаларын океанга таштайт. Личинкалардын көбү суудан чыга албай калат, тагыраагы, алар океандагы жаныбарларга жем болот. Маалыматта бул балыктар, акулалар үчүн кадимки майрамга айланары айтылган. Ал эми башкаларга жем болбой калган жумурткалар бир ай ичинде калыптанып, өнүгөт. Акырында 5 миллиметрлик кичинекей крабдарга айланып, ата-тегинин мекенине сапар алат. Буга болжол менен 9 күнгө жакын убакыт кетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0