Ысык-Көлдө кылмыштуу топтун мүчөлөрү шайлоого аралашпоо убадасын берди. Видео

Жазылуу
Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрүнүн арасында күчөтүлгөн профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.
ОИИБ мындай аракеттер шайлоо процессине уюшкан кылмыштуу топтордун криминалдык кийлигишүүсүнө жана аймакта коомдук-саясий кырдаалдын курчуп кетишине жол бербөө максатында жасалып жатканы белгиленди.
"ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган айрым жергиликтүү тургундар ички иштер бөлүмдөрүнө алып келинип, тийиштүү профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анда шайлоо процесстерине мыйзамсыз кийлигишүүсүнө жана кайсы бир талапкердин же партиянын кызыкчылыгын колдоого жол берилбестиги, эгерде ушундай фактылар аныкталса мыйзам чегинде жоопко тартылары эскертилди", — деп айтылат маалыматта.
Ысык-Көл облустук милициясы жарандардан УКТ мүчөлөрүнүн шайлоо процесстерине кийлигишүүсүнө же башка мыйзамсыз аракеттерине күбө болушса 0702877876, 0704652973 номерлери аркылуу кайрылууну өтүнөт. Анонимдүүлүк боюнча кепилдик берүүнү убадалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0