Кийин кандай болор экен. Жырткычтардын ынтымактуу балдарынын видеосу

Жазылуу
Түштүк Африкадагы Loebies Predator Park паркы – энесинен айрылган кичинекей жаныбарлар үчүн кам көрө турган жайлардын бири. Бирин энеси жерисе, экинчисиникин браконьерлер атып кетишкен. Үчүнчүсүн талаадан таап алышса, төртүнчүсүнүн тарыхы дагы башкача.
"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, бул паркта кызматкерлердин сүймөнчүгү болгон төрт дос жашайт. Алар арстан эне баш тарткан эки күчүк, гиенанын капаста туулган баласы жана талаадан араң жан кезинде таап келишкен кичинекей сурикат.
Булардын ал чоң ааламды, алдуусу алсызын баса калып жеген жаныбарлар дүйнөсү туурасында азырынча түшүнүгү жок.
Кадрдан алардын бири-бири менен ойногонун, кичинекей сурикаттын баарынан кыймылдуу жана шамдагай экендигин, керек болсо тамактын чүйгүнүн жеп кеткенин көрүүгө болот.
"Бир нече убакыттан кийин бул кичинекейлер чоңоет. Аларды жаратылышка кое беришкенде кечээги бирге өскөн "бир тууганына" кол салып же андан коркуп, качып жашоосун улантат. Бирок Loebies Predator жайында мындай болбойт, себеби кызматкерлер тыкыр көз салып турат. Эгерде учуру келсе, чоңоюп калган жаныбарды башка, ага ылайыктуу жайга которот", - деп жазылган сайтта.
Леопард похитил львенка — видео не для слабонервных - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Кабылан арстандын күчүгүн жеп кетти. Аянычтуу видео
Кичинекей жырткычтар "бакчасынын тарбиялануучулары" жапайы жаратылышта жашап көнбөгөндүктөн, аларды адистер көзөмөлдөп турган башка жаратылыш парктарга кое бериши мүмкүндүгүн айтышкан. Ал эми сурикаттар жапайы табиятта топ-топ болуп жашагандыктан, бул кичинекей жаныбардын ал жактан жаңы тууган табышы кыйын. Андыктан адистер аны Loebies Predator паркында калтырууну чечишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0