Шайлоодон бир күн мурда кимдер добуш бере алат? Тизме

206
(жаңыланган 17:05 27.11.2021)
Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда имараттан сырткары кимдер добуш бере алары туурасында маалымат берди.

Мыйзам боюнча кандайдыр бир себептер менен шайлоо участкасына бара албаган жарандын жайгашкан жерине БШК өкүлдөрү урналары менен барып добуш берүүсүн камсыздайт.

Ага төмөнкүлөр кирет:

  • Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер;
  • Шектүү же айыпкер катары абакта отургандар;
  • Ооруканада дарыланып жаткандар;
  • Алыскы, жетүүгө кыйын аймактарда убактылуу жашагандар;
  • Добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан аскерлер, ИИМдин кызматкерлери;
  • Үзгүлтүксүз иштөө циклы бар ишканаларда же вахталык негизде иштегендер;
  • Соттун чечими менен үй камагына алынгандар;

Аталган категорияга кирген шайлоочулар 25-ноябрга чейин участкалык шайлоо комиссиясына арыз бериши керек. Анда өзү тууралуу жана келе албаган себебин жазышы керек.

206
Белгилер:
БШК, шайлоо, добуш берүү, мөөнөт
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (304)
Тема боюнча
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды. Тизме
Sputnik агенттигинин атын жамынгандар фейк жаңылыктарды чыгарууда

Эки кыргызстандыктын бири "Голос" шоусунун кийинки туруна өтпөй калды. Видео

115
(жаңыланган 15:55 04.12.2021)
Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав "Голос" шоусунун нокауттар этабынан ийгиликтүү өтүп, кийинки турга жолдомо алды.

3-декабрь күнү эфирге чыккан берүү 18-ноябрда тартылган. Андыктан эфирден 28-ноябрь күнү көз жумган ырчы, насаатчы Александр Градскийди дагы көрүүгө болот.

Волкодав "Нокаутта" "Чиж и Ко" группасынын "Полонез" чыгармасын аткарды. Чечим кабыл алып жатканда Градский бул ырдын Волкодавдын аткаруусундагы версиясы абдан жакканын айткан.

"Александр абдан жөнөкөй жана жеткиликтүү ырдады", — деген маэстро.

Кыргызстандык ырчыны калыстар тобунун башка мүчөлөрү дагы макташты.

Экинчи кыргызстандык Адилет Жумабеков кийинки турга өтө алган жок. Ал Эдуард Артемьевдин "Урга" аталышындагы ырын аткарган.

Насаатчы Дима Билан бул этапта өзүнүн үч шакиртинин бирин гана тандашы керек болду.

Жыйынтыгында Биландын командасында музыкант Ильхом Тагиров калды.

115
Белгилер:
Александр Волкодав, 'Голос' долбоору, Адилет Жумабеков
Тема боюнча
Кыргызстандык Аскат Осмонов Азиянын келишимдүү жигити сынагына катышууда. Видео
Кыргызстандык "Голос" шоусуна катышып, Билан менен Агутинди таң калтырды. Видео
Кыргызстандык эки ырчы тең "Голос" шоусунун кийинки этабына өттү. Видео

Кыргыздар кошо гимн ырдап... Жуманазарова Велиеваны Москвада уткан видео

953
(жаңыланган 11:34 04.12.2021)
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова россиялык атаандашы Ханум Велиевадан мыкты экенин дагы бир жолу далилдеди. Беттеш "Гран-при Москва — АЛРОСА" кубогунун алкагында болду.

Эки бөлүккө созулган кыл чайнаш кармаштын жыйынтыгында Кыргызстандын балбан кызы жеңишти илип кетти. Биринчи эле бөлүктө Мээрим адегенде контрчабуул жасап бир упай алды. Көп өтпөй бутка кирип, атаандашын партерге жыгып дагы эки баллга ээ болду. Бөлүк 3:0 менен аяктады.

Экинчи үч мүнөттүктө кыргызстандык балбан кыз эсеп артыкчылыкты сактап калуу тактикасы менен күрөштү. Велиева чабуул жасап Мээримди эки ирет чийин сыртына сүрүп чыгарып эки упай алды. Беттеш 3:2 Мээримдин артыкчылыгы менен жыйынтыкталды.

Мээрим Жуманазарованы мелдешке машыктыруучу атасы Рахмадил Жуманазаров коштоп барган. Мелдеш Москва шаарындагы "ВТБ Арена Парк" спорттук жайында өттү.

Буга чейин Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган. Машыктыруучулук штаб Мээрим менен кеңешип, бул сунушка макул болгон.

Спортчу кыздар муну менен төртүнчү ирет кез келип жатат. Эске салсак, октябрь айында Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, бирок акыркы аракетти жасап, упай алганы үчүн кыргызстандык балбан кызга артыкчылык берилген. Калыстар беттеш эсебин таблодо туура эмес көрсөткөндүгү үчүн кармаштын жыйынтыгына карата айрым түшүнбөстүктөр пайда болгон. Мындан улам Россиянын машыктыруучулар штабы кармашта реферилер ката кетирген деп эсептеп, калыстык кылган топтун үстүнөн даттанарын айтып чыккан болчу.

Ал эми 2019-жылы Финляндияда өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта беттешсе, экинчисинде Польшада былтыр өткөн Poland Open 2020 эл аралык турниринде кез келип, Мээрим 7:2 эсебинде уткан. Үчүнчүсүндө быйыл Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө биринчилигинин жарым финалында кармашып, Мээрим жеңип алган

953
Белгилер:
Кыргызстан, Мээрим Жуманазарова, күрөш, балбан, жеңиш, видео
Тема боюнча
UWW Тыныбековага быйылкы ийгиликтери үчүн 10 миң доллар сыйлык берет
Мээрим Жуманазарова Гран-при мелдешиндеги атаандашы Велиеваны дагы утту
Сот балкасы. Архивдик сүрөт

Жапаров Бишкек менен беш облуска сотторду дайындады. Тизме

67
(жаңыланган 22:50 04.12.2021)
Жер-жерлердеги кызмат орундарына Судьяларды тандоо боюнча кеңеш 16 талапкерди сунуштаган. Мамлекет жетекчиси 15ине макул болду.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында жана облустарда 15 сотту дайындаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Билдирүүдө Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президенттин атына Баткен, Ош, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына тогуз талапкер, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык бош кызмат орундарына жети талапкер, жалпы 16 талапкерге сунуш келип түшкөнү айтылат.

Өлкө башчы 15 талапкер боюнча сунушка макул болгон.

Баткен облусу

Баткен облустук соту:

  • Абышова Кундуз Сабырбековна.

Кадамжай райондук соту:

  • Ажиматов Улан Абдыкаарович;
  • Тажибаев Илязбек Курванбекович;

Лейлек райондук соту:

  • Абдимиталипов Эльярбек Бахадирович.

Сүлүктү шаардык соту:

  • Эрматова Гүлзат Муктаровна.

Кызыл-Кыя шаардык соту:

  • Адимов Акылбек Акматович.

Ош облусу

Кара-Суу райондук соту:

  • Гуламидин уулу Элчибек.

Ош шаардык соту:

  • Турдалиев Ниязбек Назарович.

Жалал-Абад облусу

Ноокен райондук соту

  • Чоноев Чынгыз Мелисович.

Жалал-Абад шаардык соту:

  • Ганиев Жоомарт Махамадисакович.

Чүй облусу

Чүй облустук соту:

  • Кыдыралиева Нурзат Амантуровна.

Талас облусу

Талас шаардык соту:

  • Сүйналиев Дамир Сүйүнтаевич.

Бишкек шаары

Бишкек шаардык соту:

  • Бекбаева Нурия Хусаиновна;
  • Накешова Минура Асылбековна;
  • Токтосунов Шарабидин Бекташевич.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирери айтылды.

67
Белгилер:
Садыр Жапаров, судья, дайындоо, жарлык
Тема боюнча
Садыр Жапаров аймактарга 14 судья дайындады. Тизме
Жапаров жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады. Тизме