"Кыргыз Флойду" атаандашын канжалатып финалга чыкты. Hardcore видеосу

190
(жаңыланган 10:56 24.11.2021)
"Кыргыз" каймана аты бар Самат Абдырахманов буга чейин Вячеслав Орлов, Анатолий Скрыпник, Гор Туманян сыяктуу мушкерлерди мөөнөтүнөн мурда нокаутка кетирип жеңген.

Кыргызстандык мушкер Самат Абдырахманов мээлейсиз, муштум менен урушкан Hardcore Fighting Championship уюмунун Гран-при мелдешинин финалына чыкты. Жарым финалда ал казакстандык Амхад Жанчураевди упай айырмасында уткан беттешинин видеосу уюмдун YouTube каналына жарыяланды.

Беттеш толук үч бөлүккө созулган. Кыргыз мушкери раунддардын биринде атаандашын ээк тушка уруп жерге жыккан. Деген менен Жанчураев таймашты улантып, акырына чейин кармашкан.

Калыстар тобу жеңишти бир добуштан кыргыз спортчусуна ыйгарышты.

Кыргызстандык мушкер Нуржигит Турдубай уулу
© Фото / предоставлено Нуржигитом Турдубай уулу
"Кыргыз" каймана аты бар Самат Абдырахманов буга чейин башкыртстандык Вячеслав Орловду нокаутка кетирип утса, андан кийин Анатолий Скрыпникти эсинен тандырып жеңген. 1/8 финалда россиялык Гор Туманянды утуп алган.

Hardcore Fighting Championship уюмунун экинчи сезонунда ар кайсы салмак категориялары боюнча тандалма мелдештер өтөт. Финалга чыккандар Гран-при үчүн ат салышат. Биринчи орунду алган спортчуга — BMW автоунаасы, экинчиге — бир миллион рубль, үчүнчүгө 500 миң рубль берилет.

190
Белгилер:
Самат Абдырахманов, мелдеш, жарым финал
Тема боюнча
"Кыргыз Флойду" Самат кезектеги атаандашы менен жолукту
Кыргыз мушкери муштум менен урушкан Hardcore FC мелдешинде чейрек финалга чыкты
"Кыргыз Флойду" кезектеги атаандашы менен көз караштар таймашына чыкты. Видео

Келечегибиз аныкталат! Жапаров элди активдүү добуш берүүгө чакырды. Видео

87
Өлкө башчы Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берип, жарандарды ага активдүү катышуу менен атуулдук милдетин аткарууга чакырды.

Президент Бишкектин Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо участкасына жубайы Айгүл Жапарова менен келди.

Өлкө башчы келер алдында көйгөй жаралып, урна бюллетендерди кабыл албай жатты. Бирок бир аз убакыттан кийин мүчүлүштүк жоюлду.

Добуш берип бүткөн соң өлкө башчы элге кайрылды.

"Урматтуу кыргызстандыктар, бүгүн бизде Жогору Кеңештин депутаттарын шайлоо процесси өтүп жатат. Ошондуктан бардык жарандарыбызды шайлоо процессине активдүү катышып берүүңүздөрдү суранам. Ар бириңиздердин берген добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн, балдарыңыздардын келечеги аныкталат. Дагы бир жолу сиздерден суранып кетемин, шайлоого келип активдүү катышып бериңиздер", — деген Жапаров.

Президент андан кийин жумушчу сапары менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп кетти. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Кайра кечинде эле Бишкекке кайтып келмекчи.

87
Белгилер:
Садыр Жапаров, президент, шайлоо, добуш берүү
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Садыр Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси
Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарова шайлоодо добуш беришти

Адамды апкаарыткан айнек көпүрө: Кытайдагы башкача кооздуктун видеосу

50
Бийиктикте орнотулган айнек көпүрөдөн төмөн жакты карап, токойду, күнгө чагылыша аккан сууну жана тоолорду көрүүгө болот. Керемет ирмемдер!

Бул көздүн жоосун алган сулуу аймактагы көпүрө Сычуань провинциясында жайгашкан Башань чоң каньонунун үстүнө орнотулган. Ал жакында эле ачылып, жаратылышка бийиктиктен суктангандарга кызмат кылары айтылды.

Албетте, бул жерге биринчи ирет келген коноктордун таңгалуусу менен суктануусу сөз менен айтып жеткире алгыс болгон. Маалыматта бардык курулуш материалдар айнек панелдерден жасалганы жана сапаттуу, бекем экендиги айтылган.

Туристтерге бут алдындагы жапжашыл жаратылышка, аскаларга моокуму кангыча суктанып караганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ал жердеги он сегиз бурулушу бар шоссе, өтө ийри-буйру болуп кеткен өзгөчөлүгү менен адамдарды апкаарыткан башкача сезим тартуулайт.

50
Белгилер:
Кытай, айнек, көпүрө, аска
Тема боюнча
Көз талдырат! Кыргызстандагы эң узун тоннель кантип курулууда. Видео
Сонун болуптур! Кыргызстандагы эң чоң көпүрөнүн асмандан көрүнүшү
Брюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасында жанында турган аял. Архив

"Спецназ жана кибер чабуулдар". Европа Америкадан өч алгысы барбы?

0
Бир армия, бир штаб жана бир душман... Евробиримдикте "Стратегиялык компас" планы талашта. Европа өлкөлөрү өз аскердик блогун түзүп, НАТО менен АКШдан көз карандылыгын азайтат. Бирок көпчүлүк ар кандай себептер менен буга каршы чыгууда.

"Европаны улуу жана чыныгы эгемен кылабыз", — деп кайталашат Брюсселдегилер. Буга 2020-жылга чейинки жаңы коргоо стратегиясы өбөлгө болоруна ишенишет. Антон Скрипуновдун ушул документ тууралуу ой толгоосу РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Коргоо стратегиясы өтө тездик менен даярдалды. 2020-жылдын аягында Германия ар кандай коркунучтардан коргонуу "чараларынын комплексин" иштеп чыгууну сунуштаган. Жарым жыл өтпөй улуттук өкмөттөргө анын баштапкы варианты тааныштырылган. Ал эми 2022-жылдын мартында концепцияны бекитүүгө белсенип турушат. Биримдиктеги негизги жетекчилер союздаштарын болуп көрбөгөндөй шаштырууда.

"Кооптуулуктарды талдоонун жыйынтыгы Европа коркунучта экенин ачык көрсөтүүдө. Биринчиден, экономикалык мүмкүнчүлүктөр улам чектелип барат. Отуз жыл мурун Европа биримдигине дүйнөлүк байлыктын чейреги таандык болсо, жыйырма жылдан соң болгону он пайызы гана калат. Мындан сырткары, калктын саны кескин азаюуда: кылым аягында Европада дүйнө калкынын беш пайызы гана калат", — деп үрөй учурууда ЕБдин тышкы саясат жана коопсуздук комиссары Жозеп Боррель.

Ал эми Афганистандагы абал "америкалык өнөктөштөрүнүн" башкаларды түгүл өздөрүн коргой албай турганын тастыктап турат. Ошондуктан европалыктар алдыда күтүлгөн апааттарды керт башы менен алдын алууга тийиш.

Документте "кыяматтын чабандеси" катары Россияны белгилешкен. Авторлор бул мамлекет "гибриддик согуштун тактикасын, бурмаланган маалымат жана киберчабуулду пайдаланып жатат" дешет. Кытайды "экономикалык жана системалуу атаандаш" катары сыпатташкан. Ушул себептен документтин демилгечилери Евробиримдикке жалпы стратегия абзел, жалпы коргоо бюджети жана керек болсо космосто да жалпы күчтөрү болушу шарт деген пикирде.

2025-жылга дейре Брюссель беш миң жоокерден турган "ыкчам чара көрүүнүн бирдиктүү универсалдык тобун" түзүүнү көздөйт. Боррель жаңы стратегия европалык күчтөрдү ыкчам жана майнаптуу кыларынан шек санабайт. Ошону менен бирге эле Польша-Беларусь чек арасындагы мигранттар каатчылыгын да бул документ кабыл алынса, заматта чечип коюуга болорун да кошумчалайт. Бирок кантип чечүүнүн чоо-жайына токтолгон эмес.

Мындай демилгени Брюссель гана алып чыгып жаткан жок. Жаңы тутумга Берлин менен Париж да кызыкдар. Тышкы күчтөрдөн "көз карандысыздыкка умтулуу" туурасында ал жакта ачык эле айтылууда. Эң оболу мында кеп НАТО жөнүндө. Евробиримдик жөнүндөгү келишимде дал ушул альянстын күчтөрү континенттин коргоо тармагынын негизи катары кызмат өтөйт. Албетте, башында АКШ турат. Америкалыктар Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан бери орун алышкан. Топтун саны улам өсүп, 1980-жылдары 300 миңге жеткен. Ал эми ушул тапта 60 миңдин тегерегинде. Негизги контингент — Германияда, 34 миңди түзөт. Бул өлкөдө АКШ чегинен тыш эң ири америкалык "Рамштайн" базасы жайгашкан. Акыркы жылдары океан ар жагынан келген меймандарын кыртышы сүйбөй барат, анткени алардын басымдуу бөлүгү Берлиндин каражатына багылат.

Анан да куралды Пентагондон гана сатып алуу шарт. Азыр бундестагда F-35 менен жергиликтүү Eurofighter учактарынын бирин тандоо милдети турат. Немецтердин бул жаатта дымагы да чоң, алар алтынчы муундагы истребителди алгачкылардан болуп француздар менен биргеликте чыгарууну самашат. Эммануэль Макрон менен дайым ЕБдин көз карандысыздыгы жөнүндө ой жүгүртүшөт.

Париж Африка жана Жакынкы Чыгыштай эле курал рыногунда Вашингтонду атаандаш катары санайт. Беш жыл ичинде Париж аскердик экспортун 72 пайызга өстүрдү. Эгер капыстан Австралия франциялык субмариналардан баш тартпаса, бул көрсөткүч мындан да жогору болмок. Канберра Кошмо Штаттар жана Улуу Британия AUKUS долбоорунун алкагында аскердик союзду өзүнө ылайык көрдү. 56 миллиард евролук келишимдин бузулушун Елисей ордосу "далыга бычак уруу" катары кабыл алган.

Прибалтикада айрым өлкөлөрдүн бийлиги "америкалык күчтөрдүн" келишин кубаттайт. Алар үчүн база куруп, ушул жылдын августунда литвалык "Геркус" ачылды. Пентагон анчалык көңүлсүнбөгөнү менен бул долбоор Вильнюстун демилгеси менен ишке ашты.

"Болуп көрбөгөндөй зарылдык бар. Биз силерге күчтөрдү даярдоо үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүп беребиз", — деп кайрылды Вашингтонго өлкөнүн коргоо министри Арвидас Анушаускас.

Учурда республикада 500 чакты америкалык аскер кызматкери жашайт. Ошондой эле базада 30 "Абрамс" танкы жана зооттолгон 25 "Брэдли" машинасы бар. Маал-маалы менен топ окууларды өткөрүп турат.

Польшада эми бүтүндөй зооттолгон танк бригадасы жайгашкан десек болот. Жакында Пентагон бул өлкөдө толук кандуу база куруп, 85 танк, 190 пехоталык машина, өзү жүрүүчү 35 артиллериялык түзүлүш жана төрт даана танктын төшөлмө көпүрөлөрүн алып келет. Айтмакчы, бул жактан россиялык чек арага чейинки аралык – болгону 256 чакырым.

Польша жана Прибалтика "россиялык коркунучтан" улам "Компаска" каршы. Документти жактырбагандардын бир даары экономикалык себептерди аташат. Көбүнесе бар жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кенже европалык республикалар жаңы стратегияны сынга алууда. Маселен, Чехия. Европарламенттеги өкүлү Александр Вондра долбоорду "ашкере дымактуу" деп сүрөттөдү. "Бир жагынан Россия менен Кытай кооптуу душмандар катары аталган, — дейт саясатчы. — Экинчи тараптан, Евробиримдик аларды өнөктөш деп эсептейт".

Ошондой эле ковид каптап турганда мындай аракеттер экономикалык кырдаалды курчутат дегендер да жок эмес. Европа биримдиги ансыз да жети жыл аралыгында коргоо тармагына 1,93 триллион доллар сарптап келсе да, Брюссель аскердик чыгымдарды дагы көбөйтүүнү талап кылууда. Бир катар мамлекеттер ага макул эмес. НАТОдон бөлөк, Европада дагы бир нече түзүмдөр, айталы, European Corpus бар. Ал төрт дивизияны уюштура алат, жети миң жоокери бар. 20 жыл мурун Босния жана Косоводо кызмат өтөшкөн.

"Долбоорго кызыкдар өлкөлөр, эң оболу Франция ал структураны басып коёт. Тема актуалдуу. НАТО башка шарттарда, бөлөк максаттар үчүн түптөлгөн. Ал эми азыр каршы туруу түзүмү башка: фронттун так сызыгы жок", — деп түшүндүрөт РФтеги Геосаясий маселелер академиясынын вице-президенти Константин Соколов. Бирок эксперттин баамында, жаңы альянс америкалык күчтөр менен тил табышып кетери бышык, себеби алар "өз базаларын таштап кетери" арсар эмеспи. Европа биримдигинин ичинде чыңалуулар жаралышы ыктымал.

0
Белгилер:
Россия, НАТО, АКШ, Пентагон, Евробиримдик, курал-жарак, Аскер, Франция
Тема боюнча
Орус куралы: 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы