Шайлдабекова: бул ирет мыйзамсыздыкты ооздуктоого бийликтин эрки жетти. Видео

Жазылуу
Бул жолку шайлоодо админресурс, добуш сатып алууларды ооздуктоого мамлекеттик бийликтин эрки жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кечээ, 28-ноябрда, берген маалымат жыйында билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейинки жыйындардын биринде Шайлдабекова былтыркы парламенттик шайлоодо БШК, укук коргоо органдары, өкмөт административдик ресурс, добуш сатып алуу боюнча мыйзам бузууларды ооздуктай албаганын айткан. Буга мамлекеттик бийликтин саясий эрки жетпей калганын белгилеген.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы "бул ирет бийликтин эрки жеттиби, алардын аракети БШКны канааттандырдыбы?" деп сурады.
"Мен эрки жетти деп ойлойм. Анткени "кандайдыр бир басым болду" деген арыздар абдан аз түштү. Админресурс боюнча түшкөн билдирүүлөрдүн мазмунун карасак башкача. "Айыл өкмөт үгүт иштерине аралашып жүрөт" деген сыяктуу. Мурдагыга салыштырмалуу административдик ресурстун белгиси таптакыр башка болууда. Санынан да, сапатынан да. Муну коомчулук көрүп турду деп ойлойм. Албетте, бир жолу эле бардык көйгөйдү чечип салуу мүмкүн эмес. Добуш сатып алуулар да сезилерлик деңгээлде азайды", — деди Шайлдабекова.
Мындан сырткары, ал БШК укук коргоо органдары менен тыгыз координацияда иштеп жатканын белгиледи.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова митингде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Кечирим сурайм! Шайлдабекова митингчилердин алдына чыкты
"Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосунун натыйжасында кыскартылган бир нече тергөө кайра ачылды. Бул жолу биз укук коргоо органдары менен шайлоо мыйзамдарын бузууга жол бербеген алдын ала эффективдүү чараларды көрө алдык. Бирок бардык шайлоо процессинде мыйзам бузуулар болот. Мисалы, мында арыздардын көбү үгүт эрежелерин бузуу жөнүндө болду. Мурда административдик ресурсту пайдалануу, добуш сатып алуу тууралуу көп түшчү", — деди БШКнын жетекчиси.
Нуржан Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясын 2016-жылдан бери жетектеп келет. Үстүбүздөгү жылдын июль айында экинчи мөөнөткө шайланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0