РФ Сириядагы Ислам мамлекетинин объекттерине алгачкы авиа соккуларынын видеосун жарыялады

Жазылуу
Россиянын авиа күчтөрү Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук топтору жайгашкан аймакка алгачкы авиа соккуларды жасады. Негизинен согушчандардын аскер техникалары, курал-жарак жана күйүүчү май сактаган жерлери талкаланды.

30-сентябрда Россиянын Федерациялык кеңешинин мүчөлөрү Путиндин россиялык аскердик күчтөрдү чет жактарга колдонуу өтүнүчүнө уруксат берүүнү бир добуштан колдогон.

Сириянын президенти Башар Асад Россияга аскердик жактан жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. 

Жергиликтүү тургундар жашаган аймактарга Россиянын авиа күчтөрү эч кандай курал колдонгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0