"Бишкекжылуулук тармагы" ишканасынын мырзалары сүлкүлдөп бийлеп айымдарды куттукташты

62
(жаңыланган 14:53 09.03.2016)
Социалдык тармактарда аталган ишкананын мырзаларынын бийлеген видеосу таркады.

"Бишкекжылуулуктармагы" ААКтын жамаатынын эркектери аялдардын эл аралык күнүнүн урматына ишкананын айымдарын бийлеп куттукташты. Алар видео куттуктоосун YouTube каналына жайгаштырышкан.

62
Белгилер:
Бишкек, 8-март, куттуктоо, майрам, бий
Тема боюнча
Атамбаев: кыргыздын кыраан кыз-келиндери улут тагдырын чечүүгө катышып келген
Төрага Жээнбеков: элдин бакубат жашоосун камсыздоодо аялдардын ролу зор
Кош бойлуу келинден кылыктуу бий

Асма керебетке чыга албай убара болгон аюулардын күлкүлүү видеосу

314
АКШдагы Грейт-Смоки-Маунтинс улуттук паркына барган туристтердин бири аюулардын жылмайткан учурун видеого тартып алган.

National Geographic Россия сайтында жазылгандай, АКШнын аймагында 25 000дей аюу бар. Анын ичинен 1 500ү Грейт-Смоки-Маунтинс улуттук паркында жашайт.

5-октябрда туристтердин бири өздөрү жашаган үйдүн жанынан кызык учурду байкап калган. Анда 2-3 аюу бакта илинип турган эс алчу керебетке чыгууга аракет кылган. Бирок майнап чыккан эмес. Видеодон көрүнүп тургандай, алгач торго бирөө жабышкан, андан кийин ага экинчиси кошулуп, бир маалда экөө тең чыга албай жыгылып түшкөн.

314
Белгилер:
АКШ, аюу, тор, видео
Тема боюнча
Суудан атып чыгып, тартып жүргөн дронду тиштеп алган крокодил. Видео

Суудан атып чыгып, тартып жүргөн дронду тиштеп алган крокодил. Видео

516
(жаңыланган 09:52 13.10.2021)
Австралиядагы жаратылыш парктардын биринде крокодил журналисттердин квадрокоптерин "жутуп", тартуу ишин үзгүлтүккө учуратты.

Видео ABC News каналынын YouTube-каналына жарыяланган.

Жергиликтүү бийлик крокодилдерге аңчылык кылууга салынган тыюуну жоюп, журналисттер жырткычтар тууралуу репортаж жасоого барышкан. Көлмөнү үстүнөн тартып жүргөн дронду крокодилдердин бири суудан секирип чыгып тиштеп алган, окуя видеого түшүп калганы айтылды.

Эки жумадан кийин квадрокоптердин калдыктарын жээктен табышкан. Анын ичиндеги эс тутум картасы жабыркаган эмес, ошондуктан тартылган видеолорду журналисттер калыбына келтирип алышкан.

516
Белгилер:
крокодил, дрон, видео
Тема боюнча
Жыландын куйругун коё бербей чоюп. Эки жашар баланын кайдыгер калтырбаган видеосу
Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев

Дүйшөналиев: өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук өсүүдө

0
Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка өп-чап турмуш себеп экенин айтты.

Социалдык жактан жакыр үй-бүлөдө жашаган балдар арасында кылмыштуулук көп катталууда. Мындай маалыматты Азамат Дүйшөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Дүйшөналиев: өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук өсүүдө

Анын айтымында, социалдык көйгөйлөргө байланыштуу окуусун таштап, үй-бүлөсүнө акча табуу максатында түрдүү кылмышка баргандар арбып барат.

"Буга социалдык көйгөйлөр себеп болууда. Үй-бүлөдөгү акыбал, акчанын жетишпестиги негиз болуп, окуусун таштап, башка жумуштарда иштеп, түрдүү кылмыштарга барып жатышат. Үйүнөн качып кеткен учурлар да катталууда. Калктуу аймак болгон Бишкек жана Чүй облусунда кылмыш фактылары көп. Алардын көбү майда кылмыштар", — деди Дүйшөналиев.

Ошондой эле адис кылмыштуулукту алдын алуу үчүн мектептерде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору байма-бай каттап, окууларды өткөрүп жаткандыгын кошумчалады.

0
Белгилер:
Азамат Дүйшөналиев, мыйзам, тергөө, ИИМ
Тема боюнча
ИИМ экономикалык кылмыштар боюнча башкармалык түзүү зарылчылыгын айтты