Марат Исаев мигранттар тууралуу роликке тартылды

178
Исаев жана роликтин башка катышуучулары мекенинен алыс жашап иштеп, өз өлкөсүнүн даңазасын арттырган адамдар тууралуу ыр менен айтып беришти.

Москвада метро станциясында темир жолго кулап кеткен аялды өлүмдөн алып калган кыргызстандык Марат Исаев социалдык роликке тартылды.  

Видеого мекенинен алыс жүргөн кыргызстандыктар тартылган. Алар Ата Журтунан чет жүрүп, Кыргызстандын атагын чыгарган адамдар тууралуу айтып беришкен. Ролик "Тагдырдын буйругу менен алыста жүрөм, бирок менин жүрөгүм сен деп согот, Кыргызстан!" деген жазуу менен аяктайт.

Ролик "Патриот KG" коомдук фонду, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана Кыргызстандын Россиядагы ишкерлер ассоциациясы тарабынан тартылган. 

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-февралында кыргызстандык Марат Исаев полиция кызматкери Артем Королюк менен метро станциясында темир жолго кулап кеткен аялды өлүмдөн сактап калышкан. 

Бул эрдик жогору бааланып, Исаевге президент Алмазбек Атамбаев, Москва шаарынын мэри Сергей Собянин ыраазычылык билдирүү менен бирге баалуу белек тапшырса, Россия президенти Владимир Путин 20-февралда медаль менен сыйлады.

178
Белгилер:
видео, Мигрант, мекен, ролик, Марат Исаев
Тема боюнча
Россия мусулмандары Марат Исаевди сыйлашты
Кремлде Путин кыргызстандык Марат Исаевге медаль тагып, колун кысты
Курьер-мигранттан баатырдыкка чейин. Марат Исаев

Жашоо үчүн күрөш. Чүткөр менен жыландын кармашкан видеосу

559
Индияда кол салган жылан менен кармашкан чүткөр (дикобраз) душманын ийнелери менен сайгылап, айласын кетирген.

Эки жаныбардын жашоо үчүн алышканын Asianet Newsable сайты жазган.

Индиянын Токой кызматынын өкүлдөрү кемирүүчү бул жаныбардын каармандыгына таң берген.

Экөөнүн алышып жаткан видеосу YouTube каналына жайгаштырылган.

Тилин соймоңдоткон кара чаар жылан канчалык аракет кылганы менен артыкчылык кыла алган эмес. Видеодон чүткөр коргонуп, аны менен катар жыландын куйрук жагынан бир нече ирет тиштеп алганын да көрүүгө болот.

Буга чейин да интернет айдыңына кабыландын айласын кетирген чүткөрдүн видеосу коюлган эле.

559
Белгилер:
жаныбарлар, ийне, кармаш, жылан, Индия
Тема боюнча
Кабыландын айласын кетирген чүткөр. Кармаштын видеосу

Тыйын чычканды сактайм деп... Чаңырыгы чочуткан кыздын күлкүлүү видеосу

462
(жаңыланган 10:50 13.06.2020)
Үйлөмө бассейндеги сууга тыйын чычкан түшүп кеткен. Энесинин айтканына карабай, жаныбарды сактайм деген кыз чаңырып качууга арасыз болду.

Окуя АКШдагы Лумбертон шаарында болгон.

Видео YouТube-каналга жарыяланды.

Тыйын чычканды сактайм деп аттанган кыздын өзүнө аз жерден куткаруучулар керек болуп кала жаздаган. Ал суудагы жаныбарды алгач отургучтун жардамы менен алып чыгууга аракеттенген. Бирок анын арты башкача аяктаган.

"Кызым жаныбарларды жакшы көргөндүктөн, тыйын чычканга жардамга дароо чуркады. Тийбе дегениме көнгөн жок. Акыры, жанагыдай окуя болду", — деген видеону тарткан аял.

Анткен менен видеону көргөн киши кайдыгер калбайт. Куткарам деп чуркаган кыздын жаныбардан араң кутулуп, артын карабай качып баратканын көрүүгө болот.

Видео аз убакытта эле элге тарап, алар боорун тырмап күлгөндөрүн айтып, пост жазып калтырышкан.

462
Белгилер:
Суу, куткаруу, күлкү, бассейн, тыйын чычкан, АКШ
Тема боюнча
Күлкүң келет! Тыйын чычкандан корккон полиция кызматкеринин видеосу
Баткен облусунда Исфана — Сулюкта жолунда тоолор. Архив

Сүлүктүдө жер көчүп, автоунаа жолун тосуп калды. Видео

54
(жаңыланган 23:33 06.07.2020)
Жолду тазалоо үчүн бир жүктөгүч, эки самосвал тартылып, бир тараптуу ачылган. Тазалоо иши эртең дагы улантылат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жер көчүп, автоунаа каттаган чоң жолду тосуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бүгүн саат 17:40 чамасында Кызыл-Бел тилкесинде болжол менен 1000 метр куб жер сүрүлүп, жолду бөгөп салган. Жабыркаган адамдар жок.

Бир үй-бүлөдөн эле... Сүлүктү шахтасындагы төрт кишинин өлүмүнүн чоо-жайы

Жолду тазалоо үчүн Кытайдын жол куруучу компаниясынан бир жүктөгүч, эки самосвал тартылып, бир тараптуу ачылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:20да тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулган. Иштин эртең дагы улантылары айтылат.

54
Белгилер:
тазалоо, жол тосуу, автоунаа, Жер көчкү
Тема боюнча
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги
Жыл башынан бери 35 адам сууга чөктү. Өкмөт коңгуроо кагууда