Жол тыгынды жөнгө салган жигит жана жардамга келбеген патрулдук милиция кызматкерлери

Жазылуу
YouТube каналында патрулдук милициянын иштебей калган жол чыракка көнүл бурбай, катардагы жарандын унааларды жөнгө салган тасмасы пайда болду.

Жаңы түзүлгөн патрулдук милиция кызматкеринин формасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы түзүлгөн патрулдук милиция кызматы тууралуу биле жүрүңүз
Тасмада белгисиз жигиттин жол чырактын иштебей калганынан улам жаралган тыгынды жөнгө салып жатканы тартылган. Бул учурда патрулдук унаанын эч нерсе болбогондой жанынан өтүп кеткенин байкоого болот.

"Комментатордун" айтымында бир сааттан кийин аталган уланды дагы башка жигит алмаштырды. 

Анын сөзү боюнча окуя 1-апрель күнү болгон. 

Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын билдиришинче аталган тасма иликтөөгө алынып, жардамга келбеген патрулдук милиция кызматкерлери жазага тартылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0