Гватемалалык модель жөнөкөй эсепти чыгара албай койду

387
(жаңыланган 17:51 23.05.2016)
Гватемала модели Дайан Ривас жергиликтүү телешоулардын биринде жөнөкөй математикалык эсепти чыгара албай койду.

Шарт боюнча 248ге 208ди кошуу керек эле. Туура жообу — 456. Ривастын чыгарган эсебин өзүңүз көрүңүз.

Мындай "жөндөмдөн" улам модель дароо эле социалдык тармакта шакабага айланып кетти.

387
Белгилер:
эсеп, модель, Гватемала
Тема боюнча
"Путин" Нью-Йорктун чок ортосунан америкалыктарга көз кысты

Эки аттап барып тамактан алды. Арстан гиенага кол салган учурдун видеосу

308
Жаратылыш паркындагы арстан адатынча ашыкпай аңдып туруп алыстап бараткан гиенаны кууп жетип, туристтердин көз алдында басып жыгылган.

Окуянын кайда болгондугун Daily Mail басылмасы жазды.

Кадрларды Марк аттуу гид Түштүк Африка жана Ботсванада жайгашкан Кгалагади улуттук паркынан тартып алган.

Арстандын жөн жерден бугуп калбагандыгын байкаган туристтер да демин ичтерине алып токтоп калган.

Көп өтпөй жырткычтын анча алыс эмес жерде күрөң гиенаны көздөп турганы анык болгон.

Коркунучту сезген берки жаныбар алгач баса албай калып, бир нече ирмемдерден кийин качып жөнөгөн. Арттан келе жаткан куугунчудан корккон гиена каңшылап жибергендигин угууга болот.

Эки аттап жетип барган арстан олжосун тырпырата басып жыгылып, жаны чыккыча тамактап, бир нече мүнөт кыймылдатпай тиштеп турган. Ал арада жанында жүргөн башка жырткычтар келип, денеси муздай элек курмандыкка кол салууга даяр туруп калганын байкоого болот.

Гид Марк видеону былтыр күзүндө тартып, эми гана интернетке койгондугун айткан.

308
Белгилер:
өлүм, олжо, гигиена, арстан, Түштүк Африка Республикасы
Тема боюнча
Арстан ургаачысын ыза кылган гиеналарды талаалата кубалаган видео
АКШда арстан жүргөн жерге кирип кеткен кызды полиция издеп жатат. Видео

Каарына карышкырлар чыдабай. Аюу жырткычтарды тамаксыз калтырды. Видео

998
(жаңыланган 20:57 26.09.2020)
Видео АКШнын Йеллоустон улуттук паркында тартылган. Карышкырлар үйүрү менен бизонго аңчылык кылышып, аны кармап жыгышкан. Аюу келип алардын олжосун талашкан.

Йеллоустондогу аюулардын салмагы 300 килограммга жетет. Ал эми жергиликтүү карышкырлар 5-6 килограмм чыгарын National Geographic Россия жазат. Кармашта аюу жеңүүчү болуп чыкты. Карышкырлардан өлгөндөрү болгон эмес.

998
Белгилер:
кармаш, карышкыр, аюу
Тема боюнча
Айкырып, эки аяктап тура калып кармашып... Канададагы аюулардын видеосу

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

0
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

0
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды