Зоопарк кызматкеринин "бутуна чалынган" панда интернет жылдызына айланды

Жазылуу
Интернетке панданын баласы зоопарк кызматкеринин бутун кучактап, анын иштөөсүнө жолтоо болуп жаткан видео чыккан. Аталган видеороликти Facebook баракчасынан бир нече күндүн ичинде эле миллиондогон адам көргөн.

Тотукуш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эминем менен Рианнанын ырын аткарган тоту куш чыныгы жылдызга айланды
Mashable агенттигинин берген маалыматына ылайык, окуя Кытайдын Сычуань облусундагы чоң пандаларды асыроо борборунда болгон. 22-февралда чыккан видеодо кичинекей панда аталган борбордун кызматчысын өзүнө көңүл бурдуруу максатында кучактайт.

Панданын баласы алакандары менен кызматкердин бутун кучактап, анын шымынан тиштегилейт. Зоопарктын жумушчусу аны башка жакка алып барып койсо, кайра келип алат.

"Ар күнү жумушка барууну кыялданткан жумуш экен", — деп жазган колдонуучулардын бири.

Анын оюна көпчүлүк интернет колдонуучулар кошулуп, зоопарктын кызматкерину суктанышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0