Кытайда поезддин алдына кулаган кызды сууруп алганга жетишип калышты. Видео

832
(жаңыланган 10:28 01.06.2018)
Бала платформаны кырдап ойноп кетип баратып, рельске кулап түшкөн.

Кытайдын чыгыш тарабындагы Фуцзянь провинциясында эки жаштагы бөбөк поезд жылаар алдында платформадан кулап түшкөн. Бул туурасында CGTN телеканалы билдирген.

Кызды поезд ордунан козголгуча сууруп алганча жетишип калышты. Окуяга күбө болгон кишилер адамды карытып жибере турган мүнөттөрдү видеого тартып алышкан.

Кытайда бир нече убакыт мурда дал ушундай окуя болуп, анда да баланы сактап калышкан.

832
Белгилер:
кырсык, бөбөктөр, темир жол, Кытай
Тема боюнча
Сокулукта поезд жүк ташуучу унааны жара сүздү. Жеринен алынган кадрлар
Кытайда "асмандан" кулаган ит башына тийген аял ооруканага түштү. Видео