Уйду машина менен жетелеп калдыкпы? Кочкордо тартылган видео

Жазылуу
Видеонун автору айдоочунун тамашалоого да жетишкен.

Facebook колдонуучу Сыргак Бактыяров өздүк баракчасына машина менен уй жетелегендердин видеосун жүктөп, постко "Кыргызстан кызыктуу өлкө" деп жазган. 

Тасмадан унаадагы адамдар уйду көлүктүн аркасына байлап алып бара жаткандыгын көрүүгө болот.

"Кочкордун жолунда Audi 100 уйду жетелеп баратат. Адамдар унаа менен уй жетелеп калышыптыр. Бул дагы көк бет уй окшойт, карачы, качып жатканын", — деп күлүшкөн видеону тартып алгандар.

Жолдон баратып унаанын ээсин "ээ, байке, катуу, катуу" деп тамашалап өтүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0