Туулган күнүндө торт жейм деген тестиердин чачы өрттөнүп... Видео

Жазылуу
Чилиде туулган күнүн белгилеген өспүрүм тортко ийилгенде анын үстүндөгү шамдан чачына от жабышып, жалындап кетти. Окуянын видеосун жергиликтүү маалымат порталдары Facebook социалдык тармагы аркылуу тараткан.

Видеодо баланын торттун үстүндө турган шамды үйлөп өчүргөндүн ордуна шак эле таттууну жегенин көрүүгө болот. Ошол маалда от өспүрүмдүн чачына жабышкан. Анын жанында турган чоң адамдар жалынды убагында өчүрүп калууга жетишкен.

Окуянын видеосу социалдык тармактарга тез тарап, бир нече күндүн ичинде 10 миллиондой адам көрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0