Адамдардын алп жылан менен кармашканы видеого түшүп калган

Жазылуу
Окуя Индонезияда болгон. Эркек киши суу жээгинде эс алып жаткан жыланды жоон жыгач экен деп ойлоп кармап алган.

Жан керек да! Кескелдирик менен кобранын кармашы. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жан керек да! Кескелдирик менен кобранын кармашы. Видео
Индонезиянын Париаман шаарында жергиликтүү тургундар аз жерден сегиз метрлик алп жыландын курмандыгына айланып кала жаздаган адамды аман алып калышты. Бул тууралуу Euronews кабарлады.

Телеканалдын маалыматында, эркек киши суу жээгинде эс алып жаткан жыланды жоон жыгач экен деп ойлоп кармап алган. Жырткыч аны чырмап алууга аракет кылып, кое бербей койгон.

Жергиликтүү тургундар жыландын алдында калган адамды араң алып чыгып, питонду капаска киргизгенге үлгүрүшкөн. Сойлоп жүрүүчүнү зоопаркка берүүгө аракет кылганы менен мекеме аны алуудан баш тартып койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0