Чоңойгон Кевин "Один дома" тасмасындагы эпизоддорду кайтадан ойноду. Видео

Жазылуу
"Один дома" тасмасында башкы каарман Кевиндин ролун жараткан Маколей Калкин кинодогу негизги сценаларды кайтадан ойноду.

Видеоролик Google компаниясынын YouTube каналына жарыяланды.

"Чоңоюп" калган Кевин кайтадан керебеттин үстүндө секирип, каракчыларды кубалап, пицца жеткирип келген баланы коркуткан.

Бул жолу ага "Акылдуу үй" системасы жардам берет.

19-декабрда жарыяланган ролик бир күндө 4 миллиондой ирет көрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0