Стриптиз бийчисинин туфлисин кийген кыз төрт бүктөлүп калды. Видео

Жазылуу
Америкалык Тзия Фишер дүкөндөн стриптиз бийчисинин туфлисин кийип көрөм деп бир заматта социалдык тармактын жылдызына айланды.

The Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, видео кыздын Instagram баракчасына жарыяланган. Комментарийге ал кыз бут кийимдердин биринин такасы сынып кеткендиктен, аны сатуучулар дүкөндөн кууп чыгышканын жазган.

Интернет колдонуучулар бийик таканын айынан ушул сыяктуу окуяларга ар кандай реалити-шоуларга катышкан жылдыздар дагы кабылганын жазышты.

Айрым юзерлер кыз эч жерин сындырып албаганынан күмөн санап, видеону көрүп жатканда кырсылдаган үндөрдү укканын айтып чыгышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0