Boeing учагын жылдыра сүйрөгөн майыптар. Лондондо тартылган видео

Жазылуу
Видео аба майданда тартылган.

Көптөрдүн көңүлүн жылыта турган ролик YouTube каналга жайгаштырылган.

Арабадагы майып коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент - Sputnik Кыргызстан
"Арабадагы майып" коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент
Видеодон сыя көк күрмө кийип, майыптар арабасында отурган адамдардын дүйнөдөгү алп учактардын биринин дөңгөлөгүнө аркан байлап сүйрөп бара жаткандыгын көрүүгө болот.

Бул күнү майыптар арабасын буту менен эмес колу менен башкарган 98 кишинин ийгилиги Гиннестин рекорддор китебине кирди. Алар 127 тонналык Boeing 787-9 аба кемесин 106 метрге чейин сүйрөп барышты.

Майыптардын бири кабарчыга ал үчүн маанилүү болгон бүгүнкү күн туурасында энтиге айтып берип жатканын угууга болот.

Аларга документ тапшырылганда кол чаап, кубанычтарын, толкундангандыгын жашыра алышкан жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0