Алты иттин айласын кетирген мышык. Көчөдө болгон окуянын видеосу

947
(жаңыланган 09:32 25.04.2019)
ЖМКлардын жазышынча, окуя Түркияда болгон.

Түркияда алты иттин айласын кетирип, аларды өзүнүн аймагынан кууп чыккан мышык видеокамерага тартылып калган.

Daily Mail басылмасынын жазышынча, иттер соода күркөсүнүн алдындагы тепкичте отурган мышыкка жакындап келишкен. Бирок мышык өзүнүн аймагына күтүүсүздөн кирип келген иттерге атырылып, чапчып, кууп жиберген.

Эң артта келе жаткан ит мышыкка жакындагандан коркуп жатканын да көрүүгө болот.

947
Белгилер:
видео, ит, мышык, Түркия
Тема боюнча
Дүйнөдөгү эң узун мышык Гиннес китебине кирип, интернет жылдызына айланды
Кытайлык аял мышыгына пластикалык операция жасатты. Жыйынтыгы боор оорутат