Жаратылыштагы мындай кооздуктун видеосу YouTube сайтындагы Caters Clips каналына жарыяланды.
Фотограф видеону Канаданын Бэкон-Коув жээктеринен тартып алган.
Эртеси алар ойгонгондон кийин терезеден аппак түстөгү коён кар кишинин мойнуна асылып алып, мурдун жеп жатканын көрүшкөн. Бул учурду жылмаюу менен карап кала беришкен.
Окуяны видеого фотограф жана мугалим Дикен Мучена жолтандабас менен качып бара жатканда тартып алган.
Видеодон жаныбардын автоунаанын артынан калбай чуркап келе жаткандыгын көрүүгө болот.
Туристтин айтымында, жаныбар эки ирет темир тулпарга урунуп ала да жаздаган. Айдоочу башка жолго түшүп, акыраны жолунан адаштырып араң кутулган.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга, бөтөнчө кичинекей класстын балдарына аяр мамиле жасоого чакырды.
ШИИББ айдоочуларга кайрылып жатып эртең, 18-январдан тарта, мектептерде 1-5-9унчу жана 11-класстар окуй баштаарын эскертти.
"Шаардык милиция коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга, бөтөнчө кичинекей класстын балдарына аяр мамиле жасоого чакырат. Аларга түшүнүү жана жоопкерчилик менен мамиле жасап, зарыл болсо жардамыңыздарды аябаңыздар. Жолдордо жана аялдамаларда этият болуңуздар, балдар бар жерден абайлап өтүңүздөр жана суукта калтырбай алып кетиңиздер", — деп жазылган билдирмеде.
Ошондой эле жоголгон окуучуну кезиктирип калгандарды жакынкы аралыктагы милицияга тапшырып же күнү-түнү иштеген 102 номерине чалып коюуну өтүнүштү.