Өзгөчө жол менен тамак таап жеген амалкөй киттердин видеосу

Жазылуу
Бул ыкманы ишке ашыруу үчүн бир нече жаныбар чогулушу керек. Алар сууда айланып, жонундагы дем алуучу тешигинин жардамы менен көбүктөрдү чыгарат.

Интернетте киттер көбүктүн жардамы менен балыктарды кармап жеп жаткан учурдун видеосу тарады.

Подводный мир полуострова Крым - Sputnik Кыргызстан
Киши менен тең экен. Дайверлер чоң медузаны сүрөткө тартып алышты
Өркөчтүү киттер Аляскадан анча алыс эмес жерде өзгөчө ыкма менен балык кармап жеп жаткан учурда Гавайи университетинин (АКШ) адистери тартып алган.

Бул ыкманы ишке ашырыш үчүн бир нече жаныбар чогулушу керек. Алар сууда айланып, жонундагы дем алуучу тешигинин жардамы менен көбүктөрдү чыгарат. Бул учурда майда балыктар гипноздолгон сыяктуу, тегерекчелердин ортосунда калат.

Аңчылык учурун видеого тартуу үчүн адистер дрон жана киттердин өзүнө жабыштырылган камераларды колдонушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0