Капыстан караган кишини чочутуп... Токиодогу 3D-мышыктын видеосу

175
Токионун темир жол вокзалдарынын бириндеги имараттын капталына адамдан да бир нече эсе чоң болгон 3D-мышык жайгашкан.

Бир кабатты бүтүн ээлеген жарнама экрандан чыгып жатканын бир караган киши байкабайт. Капыстан көргөндө адамдын көңүлү алп мышыкка бурулуп, ал качан кулап кетет же жердегилерди көздөй секирбес бекен деген суроолуу сезим пайда болот. Жазуулар чыкканда гана анын 3D мерчеминде экени билинет. 155 чарчы метрлик экран орнотулган жер, тагыраагы, Синдзюку бекети эл эң көп жүргөн аймак болуп саналат.

Жарнамалардын ортосунда Microad Digital Signage жана Yunika компаниялары жасаган алп мышык чыга калып турат. Санарип жаныбардын эртең мененки саат жетиде ойгонуп, түн оокумуна чейин жүргүнчүлөрдү бирде чочутуп, бирде таң калдырып турары айтылды.

175
Белгилер:
жарнама, мышык, Япония
Тема боюнча
Кыргызстандын ажайып жерлеринин 3D картасы түзүлдү
3D китебинин автору: оюн түрүндөгү "Ойнобук" баланын акылын өстүрөт

Түйүлдүктүн балапанга айланганын көрсөткөн кызыктуу видео

289
(жаңыланган 14:48 15.07.2021)
Блогер Юрий Шевченко стакан-инкубатордон балапандын чыгышын видеого тартардан мурда үч жыл катары менен эксперимент жасаган.

Биринчилерден болуп кан тамырлар системасы калыптанган. Ал муну жумуртканын сарысынан чок ортосуна, ийненин көзүндөй болуп согуп жаткан жүрөккө алып барган тамырчалар деп сүрөттөгөн. Видеонун авторун "сары дүйнөдөгү" молекулалар кандайча өзүнүн тартиби менен тизилип, куралышы керектигин "билгени" таң калтырган.

Төртүнчү күнү түйүлдүк биринчи кыймылын жасаган. Акырындап көзү жана буттары пайда боло баштаган. Алтынчы күнү караганда дароо эле көзү байкалган эмбрион балапандын сөлөкөтүнө келип калган. Шевченко тооктордун көзүнүн көлөмү дайыма өзгөрүп турарын түшүндүргөн.

12-күн дегенде капталында канаты жана болор-болбос жүнү чыгып, мойну ичкерип, башы жана буттары чоңойгон. Тажрыйба жасагандар балапанга кичинеден кычкылтек бере баштаган. Ал эми 19-күнү сары нерсе толугу менен жок болуп, "стаканды" толугу менен балапан ээлеген. 20-күнү блогер инкубатордон чыйпылдаган үндү угуп, ача салып, балапанды көргөн.

Шевченко бул тажрыйбасын 2018-жылы эле баштап, ондогон тооктор менен жүздөгөн жумуртканы сынап көргөн. Блогердин эксперименти жылуулук менен кычкылтекти туура, өзүнүн көлөмүндө бергенден кийин гана ишке ашкан.

Ал жумуртканын жасалма кабыгын тамак-аш пленкасынан жасап, ага минералдар менен бактерияга каршы химикаттарды сиңиргенин айтып берген.

289
Белгилер:
жумуртка, эксперимент
Тема боюнча
Балапандарын коргогон төө куш гиенаны тебелеп кете жаздаган. Видео

Айнектей болгон осьминог. Сейрек жаныбардын Тынч океандан тартылган видеосу

157
Тынч океандын эң түбүн иликтеген окумуштуулар айнектей туптунук болгон сейрек кездешкен осьминогду байкап калышкан. Өзгөчө осьминогду видеосу "National Geographic Россия" сайтына жарыяланды. 

Өзгөчө жаныбардын териси айнектей тунук болгондуктан, видеодон  анын ички органдардын даана көрүүгө болот.  Маалым болгондой, суу жаныбарынын мындай түрү Vitreledonella richardi деп аталып, алар 1918-жылдан бери белгилүү. Бирок осьминог океандын эң түбүндө болгондуктан, аны камерага тартып алуу дээрлик мүмкүн эмес.

Окумуштуулардын айтымында, айнек осьминогдун баш жагындагы бөлүгү 11 сантиметр, ал эми жалпы денеси менен 45 сантиметрди түзөт.

157
Белгилер:
суу, видео, осьминог, Тынч океаны
Тема боюнча
Баткак соруп бараткан пилди адамдар куткарып калды. Окуянын сүрөт, видеосу
Кабинет в городской клинической больнице имени Е. О. Мухина.

Вирусолог коронавирустун "дельта" штаммынын өзгөчөлүгүн айтып берди

0
(жаңыланган 10:18 26.07.2021)
Адис белгилегендей, "дельта" штаммын жуктургандар илдетти өтө оор көтөрөт деген так аныктама жок. Бирок дарыгерлерге коронавирустун жаңы түрүн жуктургандарды дарылоо кыйынга турууда.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Дельта" штаммы чакырган коронавирус эмнеси менен айырмаланып, дарылоого кандай таасир этерин Sputnik радиосуна Фундаменталдык жана трансляциялык медицина боюнча Федералдык изилдөө борборунун өтө кооптуу инфекциялар лабораториясынын башчысы Александр Чепурнов айтып берди.

Алгач Индияда аныкталган коронавирустун "дельта" штаммы дүйнө жүзүнө, анын ичинде Россияга тарады.

Адистин айтымында, анын негизги өзгөчөлүгү — оорунун козгогучунун мурдагы түрлөрүнө караганда инкубациялык мезгилинин кыскалыгында. Мындан тышкары, ал бейтаптарда ашказан, ичеги-карындын иштешинин бузулушу сыяктуу белгилерди пайда кылат.

Чепурнов белгилегендей, "дельта" штаммын жуктургандар илдетти өтө оор көтөрөт деген так аныктама жок. Бирок дарыгерлерге коронавирустун жаңы түрүн жуктургандарды дарылоо кыйынга турууда.

"Дельта" штаммын дарылоо кыйыныраак, анткени "Ухань" варианты көп изилденип, ал үчүн далай нерсе иштелип чыккан. Бул жерде гастроэнтерологиялык компонент жана оорунун өнүгүү темпи өзгөчөлөнүп жатат", — деген вирусолог.

Адис ак халатчандар азыр дарылоо протоколуна өзгөртүү киргизүүгө аргасыз болуп жатканын кошумчалаган. Ошондой эле ПЦР-тесттер да штаммдарды көрсөтпөй турганын, бул үчүн өзүнчө изилдөө жүргүзүлүп жатканын айткан.

0
Белгилер:
ичеги, симптом, штамм, вирусолог, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19дун курч фазасынан өткөн адам кандай кыйынчылыкка туш болот
COVID менен ооруганын жашырып хиджаб кийип учкан индонезиялык киши камалды