Буйволду арстандын күчүктөрү тирүүлөй жеп... Аянычтуу видео

Жазылуу
Түштүк Африкадагы Мала-Мала коругунда буйволду үч арстан акмалап, акыры алып тынган видео тарады. Окуяга туристтер күбө болгон.

Алакандай болсо да арстандарга айбат кылып. Деңиз чаянынын жылмайткан видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Алакандай болсо да арстандарга айбат кылып. Деңиз чаянынын жылмайткан видеосу
Бир нече буйволдун арасынан бирөөсүнө топ арстан кол салган. Өмүр үчүн күрөш жүрүп, бирде арстандар артыкчылык кылса, бирде ири жаныбар үйүрлөштөрүнүн жардамы менен кол салгандардан бошонуп турган. Туристтердин көз алдында адамдын чыдамын кетирген бул окуя бир нече саатка созулган. Арстандардын бири үстүнө чыга калып жонун кажыса, бири арткы шыйрагын тиштеп, үчүнчүсү капталынан качырган. Маңыроо мал өкүрүп, мөөрөп, мүйүзүн булгалаган менен кутула алган эмес.

...Акыры буйволду жырткычтар тирүүлөй жей баштаган. Алсырап калган жаныбар каршылык көрсөтүүгө чамасы келбей калган. Кадрдын соңунда арстандардын кичинекей күчүктөрү жаткан буйволду тирүүлөй эле артынан этин үзгүлөп жей баштаганын көрүүгө болот. Ушул көрүнүш менен көптөрдү ичиркенткен видео аягына чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0