Эксперт: ЕБдин Россияга каршы саясаты европалыктардын пикирине каршы келет

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын жана Евробиримдиктин желектери. Архив
Россиянын жана Евробиримдиктин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik үчүн сурамжылоо эл аралык IFop компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан жогору курактагы 4012 респондент катышкан.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Батыш Европадагы ири өлкөлөрдүн тургундарынын көбү Евробиримдик менен Россиянын алакасынын жакшырышын каалайт. Бул тууралуу "Sputnik.Мнения" долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн сурамжылоодо маалым болду.

2-октябрдан 15-октябрга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоо учурунда немистердин 84 пайызы, Италия тургундарынын 78 пайызы, 75 пайыз француздар жана 68 пайыз британиялыктар "Евробиримдик менен Россиянын ортосундагы алака жакынкы арада жакшыруусун каалайсызбы?" деген суроого "ооба" деп жооп беришкен. 

© SputnikЕвробиримдик менен Россиянын ортосундагы алака жакынкы арада жакшыруусун каалайсызбы?
 Эксперт: ЕБдин Россияга каршы саясаты европалыктардын пикирине каршы келет  - Sputnik Кыргызстан
Евробиримдик менен Россиянын ортосундагы алака жакынкы арада жакшыруусун каалайсызбы?

Сурамжылоо жүргүзгөн адамдардын арасынан Германиядан 10 пайыз, Италиядан 13 пайыз жана Франция менен Улуу Британиядан 16 пайыз респондент жогорудагы суроого "жок" деп жооп кайтарышкан.

Толук жана толук эмес орто билим алгандарга салыштырмалуу жогорку билими бар диплом ээлери Россия менен Евробиримдиктин ортосундагы мамиле калыпка салынышын каалай турганын билдиришкен. Ошол эле учурда төрт мамлекеттин эркектери аялдарга караганда Россия менен мамиле жакшырышын активдүү колдошкон.

Sputnik үчүн сурамжылоо IFop компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан жогору курактагы 4012 респондент катышкан.

Кыргызстандык саясат таануучу Марс Сариев сурамжылоодогу маалымат Европадагы чыныгы маанайдан кабар берет.

"Европадагы мамлекеттердин тургундарынын ою сурамжылоодо даана көрүнүп турат. Европалыктардын көпчүлүгү Россия менен бир континентте болгонду эске алуу менен экономикалык, саясий жана маданий байланыштарды конструктивдүү мамилеге таянуу менен куруу керек деген пикирде", — деди Сариев.

Анын айтымында, Брюсселдин Россияга каршы риторикасы тышкы оюнчулар тарабынан жасалган аракет.

"Россиянын геосаясий атаандашы болгон Вашингтон Европаны экономикалык жана саясий каршы турууда плацдарм катары колдонуп жатат. Андан сырткары ал Брюсселге Кремль менен кандай мамиле кылуу керектигин ачык эле көрсөтмө берүүдө", — деди ал.

Сариев андан сырткары мамиленин жөнгө салынышын жогорку билимдүүлөрдүн колдоп жатканы бардык эле кишилер пропаганданын таасиринде калбаганынан кабар берерин белгиледи.

"Европанын ЖМКларындагы Россияга каршы риторика жана Россияны агрессор катары ачык эле көрсөтүү иштеринде Американын саясаты бар. Бирок ойлонгон адамдар жалганга ишенбей, өзүнүн көз карашы бар экенин билдирүүдө. Бирок тилекке каршы ал Европа биримдигинин жетекчилери эске албай жатат", — деди Сариев.

Президент РФ В. Путин открыл железнодорожное движение по Крымскому мосту - Sputnik Кыргызстан
Крымда ЕБдин Крым көпүрөсү боюнча көрө албастык билдирүүсүнө жооп беришти
Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат. Sputnik агенттигинин маалымат ресурстары боюнча аудиториясы айына 60 миллионду түзөт. Вэйбо соцтармагындагы Sputnik China аккаунтунун катталуучуларынын саны 10,5 миллиондон ашат. Sputnik — "Россия сегодня" медиатобуна кирет. Башкы кеңсеси Москва шаарында. 

Үч жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп алдыңкы орундарга чыкты. Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт. Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуштайт.

Sputnik Кыргызстан өзүнүн ишин  2014-жылдын декабрь айында баштаган. Маалымат порталы кыргыз жана орус тилдеринде, радиоресурсу жана жогорку технологиялуу  мультимедиалык  маалымат борбору бар.

Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет-ЖМКлардын арасынан лидерлик орунду ээлейт

"Sputnik.Мнения" эл аралык долбоору 2015-жылдын январь айында старт алган. Анын алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүнүн тургундарына социалдык жана саясий маселелер боюнча үзгүлтүксүз суроолор берилип турат. Долбоордун өнөктөштөрү — Populus, IFop жана orsa аттуу эл аралык белгилүү иликтөө компаниялары.

Жаңылыктар түрмөгү
0