Могерини: ЕБ Палестинанын өз алдынча мамлекет болуусун каалайт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүАрхив: Федерика Могерининдин жана Сергеем Лавровдун Москвадагы жолугуушусу
Архив: Федерика Могерининдин жана Сергеем Лавровдун Москвадагы жолугуушусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евробиримдик дипломатиясынын башчысы Федерика Могерини буга чейин Палестина автономиясы менен Израиль сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөсө, Жакынкы Чыгыштагы зомбулуктун жаңы толкуну пайда болорун эскерткен эле. Анын айтымында, дүйнө Газа секторундагы дагы бир согушту жараткысы келбейт.

БИШКЕК, 8 ноя — Спутник Кыргызстан. Евробиримдик дипломатиясынын башчысы Федерика Могерини ишемби күнү Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары таануу чакырыгын таштады.Муну Франс Пресс агенттигине шилтеме кылып, РИА Новости жазды.

"Бизге Палестина мамлекети керек… бул Европалык биримдиктин акыркы чечими жана позициясы",— деди Магерини Газа секторуна жасаган иш сапары учурунда. Ал дүйнө Газа секторундагы дагы бир согушту жараткысы келбегендигин айтты.

Бүгүнкү күнү Палестинаны дүйнөнүн 135 өлкөсү өз алдынча мамлкет катары тааныган. Эки жыл мурда Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы көпчүлүк добуш менен палестиналыктарга уюмдун алдында "байкоочу мамлекет" макамын берген. Андан сырткары Израиль 1967-жылы оккупациялап алган жерлердин аймагында, б.а. Иордан суусунун батыш жээгинде, Газа секторунда жана Чыгыш Иерусалимде өзүн-өзү аныктоо укугун бекиткен. Израиль бийлиги резлюцияны таануудан баш тартып, палестиналыктардын БУУга кайрылуусун бир тараптуу, өз ара макулдашууга жана эки тараптын сүйлөшүүлөр процессине тоскоолдук жараткан кадам катары карап, сындап чыккан.

Швеция Палестинаны тааныган Европалык биримдиктин тарыхындагы туңгуч өлкө болуп калды. Октябрдын ортосунда Британ парламентинин общиналар палатасынын депутаттары Палестинаны суверендүү мамлекет катары таанууга чакырган резолюция кабыл алган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0