Меркелдин санкциялар жөнүндө билдирүүсү – жакшы белги

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПарламентские слушания "О прогнозе социально-экономического развития РФ до 2017 года"
Парламентские слушания О прогнозе социально-экономического развития РФ до 2017 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Меркель айымдын билдирүүсү – бул тирешүүнү, Россияны бөлүп-жаруу аракеттерин токтотууга убакыт жеткендигин билдирген жакшы көрүнүш. Бөлүп салабыз дегенден эч майнап чыкпайт, болгону абалды гана курчутуп жатат деп эсептейт Федерация кеңешинин спикери Валентина Матвиенко.

БИШКЕК, 12-ноя — Sputnik. Германиянын канцлери Ангела Меркелдин азырынча Европа биримдиги Россияга каршы экономикалык санкцияларды киргизүүнү болжогон жок деген билдирүүсү – жакшы белги, демек тирешүүлөрдөн четтеп, санкциялык кысымдарды токтотууга мезгил жетти деп эсептейт Валентина Матвиенко. Бул туурасында РИА Новости билдирди. Кечээ Меркель Украинадагы абалга байланыштуу Россияга каршы санкцияларды кеңейтүү мүмкүндүгү Европа биримдигине кирүүгө карата "кара тизмеге" гана тиешелүү болушу ыктымал, жана ал экономикалык чөйрөгө тийбейт деп билдирди.

"Менин оюмча, Меркель айымдын билдирүүсү – жакшы белги", — деп айтты Матвиенко журналисттерге.

Анын пикиринде, Россия, Европа биримдиги жана АКШ азыркы күндө дүйнөдө күч алып бара жаткан сынактарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүгө көңүл топтоолору керек.

"Бир да өлкөнүн буга жалгыз алы жетпейт. Бул бири-бирин чукулап, коркутуп же санкция жарыялагандан бир топ жогору турган баалуулуктар. Бул мындай мамлекеттердин деңгээлине татыбайт. Биз жөн гана жаңы санкциялар болбостугуна эмес, алар акырындап баары алып салынарына жана бири-бирибиздин кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен чыныгы диалогду жөнгө саларыбызга үмүттөнөбүз", — деп кошумчалады Матвиенко.

Анын сөзүнө караганда, санкциялар боюнча Россия башында эле айткандар болуп жатат.

"Санкциялар эч натыйжасыз экендигин, алар Россиянын принципиалдуу көз караштарын, принципиалдуу тышкы саясатын өзгөртө албай тургандыгын, бул санкциялар Украинада, Украинанын тегерегиндеги окуялардын өрчүшүнө эч тиешеси жоктугун түшүнүү пайда болууда. Бул Украинанын ичинде болуп жаткан кризис, жана ал Украинанын өзүнүн ичинде, аймактан сырткаркы күчтөрдүн катышуусу жок чечилиши керек", — деди Федерация кеңешинин спикери.

Россия менен Батыштын ортосундагы мамилелер Украинадагы кырдаалга байланыштуу начарлап кеткен. 2014-жылы Европа биримдиги жана АКШ россиялык саясатчыларга, ишкерлерге жана, биринчи кезекте, коргонуу, энергиялык компанияларга жана мамлекеттик банктарга каршы санкцияларды мезгил-мезгили менен киргизишкен. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0