14-15-декабрда Астанада ШКУнун премьер- министрлеринин жыйыны өтөт

Жазылуу
8-9-ноябрда Москвада ШКУга мүчө мамлекеттердин Улуттук координациялык кеңешинин жыйыны Россиянын төрагалыгы алдында өтүп, анда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин премьер-министрлеринин Астана шаарында декабрда боло турчу жыйыны да талкууланды.

Башкы катчы: ШКУ өзүнүн аскердик түзүмүн уюштурууну пландаган жок
БИШКЕК, 13-ноя — Sputnik. Москвада Шанхай кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Улуттук координациялык кеңешинин жыйыны Россиянын төрагалыгы алдында өтүп, анда 14-15-декабрда Астана шаарында боло турчу ШКУ мамлекеттеринин премьер-министрлеринин жолугушуусу да талкууланды. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы дүйшөмбү күнү билдирди.

2014-жылдын 12-сентябрында Душанбе шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын жыйынында кабыл алынган чечимдерди аткаруу боюнча конкреттүү кадамдарды жасоо талкууланды.

Шанхай Кызматташтык Уюму — өкмөттөр аралык өз ара коопсуздук боюнча эл аралык уюм. Анын курамына Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери кирет. Андан сырткары Афганистан, Индия, Иран, Монголия, Пакистан мамлекеттеринин көзөмөлдөө статусу бар. Белорусь, Шри-Ланка жана Түркия мамлекеттери диалог боюнча өнөктөш болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0