Дарыгерлер: жүрөктүн 3D басылышы балдарга жасалчу операцияларды азайта алат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүАрхив: операция учурунда.
Архив: операция учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорулуунун жүрөгүнүн сүрөттөлүшүн үч мерчемдүү басып чыгарууга өзгөчө жана жогорку сапаттагы сканерлердин пайда болушу мүмкүндүк берди. Андай сканерлер жүрөктүн кагышын жана түзүлүшүн толук түшүрө алат.

БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. Жүрөктү 3D үлгүсүндө басып чыгуунун жаңы технологиялары тубаса жүрөк оорулуу балдарга жасалчу операциялардын санын кыскарта алат деп эсептешет европалык дарыгерлер. Алар өз тыянактарын жүрөк-тамыр системасын изилдөө боюнча Европалык ассоциациянын (EACVI) Венада өткөн ар жылкы жолугушуусунда билдиришти деп кабарлайт РИА Новости.

Дарыгерлердин пикиринде, жүрөктүн 3D көчүрмөсү баланы жүрөк оорусунан айыктыруу үчүн зарыл операциялардын санын төрттөн бирге же экиге чейин кыскартышы мүмкүн. Анык жүрөктүн 3D үлгүсүн пайдаланып, хирургдар оорудан арылтуунун эң ылайыктуу жолун тандап алуу менен операцияны баланы мүмкүн болушунча аз жараланткыдай жасай алышат. Оорулуунун жүрөгүнүн сүрөттөлүшүн үч мерчемдүү басып чыгарууга өзгөчө жана жогорку сапаттагы сканерлердин пайда болушу мүмкүндүк берди. Андай сканерлер жүрөктүн кагышын жана түзүлүшүн толук түшүрө алат. 

Үч мерчемдүү (3D) басылманын жардамы менен объекттер кат-каты менен биринин артынан бири түзүлөт. Бул технология биринчи жолу автомобиль жана авиакосмос өнөр жайында прототиптерди даярдап чыгаруу үчүн колдонулган. Медицинага (баш сөөк жана жаак, ортопедиялык хирургиягаа) 3D басылмасы жыйырма жыл мурун келген. Бүгүн бул технология угуу аппараттарында да колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0