Москва ГФРдин расмий адамдарынын РФке карата жасаган аракеттерине тынчсызданууда

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАрхив: Сергей Лавров
Архив: Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Россияга каршы бир катар кескин билдирүүлөрүн комментарийлеп жатып, тышкы иштер министри Сергей Лавров ГФР "диктатка өтүүдөн" утуш алаарына көзү жетпей тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров Германиянын расмий адамдарынын Россияга карата жасаган акыркы аракеттери Москваны тынчсыздандырып жаткандыгын билдирди, деп кабарлайт РИА Новости.

Меркелдин санкциялар жөнүндө билдирүүсү – жакшы белги
Ал Германия "Европа биримдиги менен Россиянын ортосундагы, деги эле Батыш менен Россиянын ортосундагы мамилелерде салттуу түрдө абдан келишүүчүлүк роль ойноп келген" деп белгиледи. 

"Эгер Германия диктатка өтүүнү чечсе, менимче, мындан Европа эч кандай утушка жетпейт болчу жана Германия өзү да бир нерсе утуп алары күмөн", — деди Россиянын министри бельгиялык кесиптеши Дидье Рейндер менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында украиналык саясатка жана Батыштын санкция киргизүү саясатына байланыштуу Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Россияга каршы бир катар кескин билдирүүлөрүнө комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берип жатып. 

"Анан, албетте, биз германиялык кесиптештерибиздин иштерине тынчсыздануубузду билдирбей коё албайбыз", — деди Лавров.

РФтин ТИМ башчысы "жакында ГФРдин өкмөттүк сайтында Крым боюнча өзүнчө бир маалымкат боло турган материал чыккандыгын" да айтты. 

"Анда башка нерселер менен катар эле Крымда кылымдар бою татарлар, украиндер, армяндар, гректер, немистер отурукташып келген деп жазылыптыр. Орустар жөнүндө айтылган эмес. Эгер бул ГФРдин өкмөтүнүн сайты болсо, мындай маалыматты ким түзгөнүн абдан билгим келет. Биз Берлиндеги кесиптештерибизге ушундай суроо-талап жибердик", — деди Лавров.

Жаңылыктар түрмөгү
0