БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюму өзүнүн виртуалдык маанидеги баштапкы чегинен чыкты деди РФтин президенти Владимир Путин жыл сайын берилүүчү жалпыга маалымат жыйынында.
"Ал (ШКУ – ред.) өзү түзүлүп жаткандагы койгон милдеттеринин алкагынан чыкты. Эмне үчүн? Себеби ал суроо-талапка ээ", — деп түшүндүрдү мамлекет башчысы.
"Азыр ШКУнун алкагында биргелешип иш алып барууга Иран, Пакистан, Индия жана башка бир катар байкоочу өлкөлөр кызыгып жатат. Бирок Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу жана толук укуктуу мүчөсү болууга ниетин Индия менен Пакистан билдирди", — деди Путин.
Бул Россия менен Кытайдын ортосундагы мамилелерге таасирин тийгизерин белгиледи ал.
"Кытай өз алдынча өлкө катары алганда биздин ири соода-экономикалык өнөктөшүбүз экенин билебиз. Бул жылкы соода-сатыктын акчалай жүгүртүүсү 90 миллиард доллар болот жана ал, дүйнөлүк экономикадагы бир да кыйынчылыкка карабай, дагы өсөт, бул боюнча менин эч күмөнүм жок", — деди Путин.
Президенттин айтымында, Кытай менен соода-экономикалык байланыштарды диверсификациялоо башкы милдет болуп эсептелет.
Ал өлкөлөр товарларды айлантуу структурасын жогорку технологиялык бөлүгүнүн эсебинен өзгөртүүгө улам барган сайын көбүрөөк көңүл бөлүп жаткандыктарын белгиледи.
Путин Россия менен Кытай биргелешип атомдук электр станцияларын куруп, космосто, авиациялык курулушта жана башка бир катар жаңы багыттарда бирге иштеп жаткандыктарын эске салды.
Ошондой эле президент Россия менен Кытайдын БУУнун чегинде кызматташуусу "дүйнөдөгү бүгүнкү абалды турукташтыруучу эң маанилүү элементтердин" бири деген оюн билдирди.
ШКУ 1996-жылдан тартып иштеп келген Шанхай бешилигинин негизинде 2001-жылы түзүлгөн. Аталган бешиликке Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирген, жана ал 2001-жылдан тартып Шанхай форуму аталган.
Бүгүнкү күндө ШКУнун мүчөлөрү болуп Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан эсептет. ШКУнун байкоочулар макамы Монголияга, Индияга, Иранга, Пакистанга жана Афганистанга ыйгарылган. Ал эми "диалог боюнча өнөктөш" макамына Белорусь, Шри-Ланка жана Түркия ээ.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Пакистандын өкмөтү россиялык "Спутник V" вакцинасын чукул кырдаал учурунда колдонууга уруксат берип, жергиликтүү фармацевтикалык компанияларга аны сатып алууга жана таратууга жол ачты. Бул тууралуу ЖМКларга таянып, РИА Новости жазды.
Россиялык вакцина өлкөдө колдонууга уруксат берилген үчүнчү дары болгон.
"Пакистандын Дары-дармектерди тескөөчү органынын (Drap) каттоо кеңеши өткөргөн жыйында өзгөчө кырдаалдарда дагы бир вакцинаны колдонууга уруксат берилди. Ал Россиянын Түз инвестициялар фондунун колдоосу менен иштелип чыккан вакцина", — деп айтылат маалыматта.
Ал ошондой эле AGP жергиликтүү фармацевтикалык компаниясы россиялык вакцинанын жалгыз импорттоочу жана дистрибьютери болорун белгиледи.
Пакистандын бийлиги буга чейин чукул кырдаал учурунда AstraZeneca вакцинасын жана кытайлык компания чыгарган Sinopharm дарыларын колдонууга макулдук берген.Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын август айында дүйнөдө биринчи болуп COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын каттаган. Ал Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору менен Россиялык түз инвестициялар фонду тарабынан иштелип чыккан. Вакцинанын натыйжалуулугу 90 пайыздан жогору болору айтылат.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиянын "За рулем" журналы тез эле дат басып кеткен беш автоунааны атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка таянсак, биринчи чыккан Lada Granta үлгүсүндөгү автокөлүктөрдү тез дат басып кетиши ыктымал.
Журналда жазылгандай, Lada Granta автокөлүгүнүн капотунун алды жана түбүнүн капталдары сырдалбагандыктан тез дат басат. Автоунаа ишке берилген соң үч-төрт жылдан кийин анын эшигинин алды менен босогосунда дат пайда болушу ыктымал.
Журнал муну сапатсыз цинк менен каптоо менен байланыштырган.Басылма седанга караганда, лифтбек алууну сунуштаган. Анткени анын кузову даттан корголуп жасалат.
Тез дат басып кетүү көйгөйү Renault Logan жана Sandero үлгүсүндөгү автоунаа ээлерине да келиши мүмкүн. Адистердин айтымында, мындай автокөлүктөрдө дат бир нече кыштагандан кийин пайда болушу ыктымал. Мында да седандардын каррозияга кабылары айтылды.
Анча кымбат эмес кроссоверлердин арасынан Skoda Yeti автоунаасы да жогорудагыдай "илдетке" тез кабылган автоунаалардын катарына кирген.
Тез дат баскан жагынан алдыга Россияда чыгарылган жолтандабас "Патриот" аттуу УАЗ чыккан. Маалым болгондой, дат анын 2018-жылы чыккан үлгүлөрүнөн табылган.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкек милициясынын маалымат катчысы Улан Жумаков жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого байланышкан видео Кыргызстандан сырт жакта болгонун, өлкөгө тиешеси жок экенин билдирди.
Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады. Жапа чеккен адам кыргызча сүйлөп жаткандыктан, социалдык тармактын колдонуучулары ал кыргызстандык деп айтышууда.
"Иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган маалыматтарга ылайык, видео Кыргызстандан сырт жерде тартылган, бул факты биздин өлкөгө тиешеси жок. Кийинчерээк толук маалымат берилет. Баарыңыздарды чагымчылдыкка алдырбай, тастыкталбаган маалыматты таратпаңыздар", — деп Жумаков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Ал эми бул боюнча билдирүү тараткан ИИМ видео боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди.
Анткен менен кыргызстандыктар социалдык тармакта үрөй учурган бул окуя Кыргызстанда болгон деген божомолдорун айтып, пикирлерин калтырып жатат.