ЖМК: Украинада эмгек акыларын төлөө боюнча карыз дээрлик үч эсе өстү

© Sputnik / Григорий Василенко / Медиабанкка өтүүПраздник сала прошел в Полтаве
Праздник сала прошел в Полтаве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Украинанын "Вести" гезити белгилегендей, эң көп карыз Донбасстын атайын операциялар жүрүп жаткан аймагында топтолгон. Атап айтканда, Донецк областында эмгек маянасы боюнча карыздар 944 миллион гривнаны түзөт.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Жылдын башынан бери Украинада эмгек акылар боюнча карыз дээрлик үч эсе өстү жана ноябрдын аягында ал 2,2 миллиард гривнаны (139 миллион долларды) түздү. Үстүдөгү жылдын башында бул карыз 753 миллион гривна (47,6 миллион доллар) болчу деп билдирет РИА Новости Украинанын "Вести" гезитине таянуу менен.

Эң көп карыз Донбасстын атайын операциялар жүрүп жаткан аймагында топтолгон, Донецк областында бул 944 миллион гривнаны (60 миллион долларга жакын) түзөт. Киев областында да абал оор — ал жерде төлөнүп бериле элек эмгек акыларынын көлөмү 124,6 миллион гривнага (7,8 миллион долларга) жетти, ал эми Черновицк жана Закарпат областтарында абал баарынан жакшыраак — карыздардын саны ар бир аймак боюнча 4 миллион гривнаны (252 миң долларды) түзөт.

Гезит белгилегендей, Украинанын бардык аймактарында бюджеттик кызматкерлер айлык акыларынын төлөнбөй жатканына даттанууда. Социалдык саясат министрлигинде жылдын аягына чейин арыздарды төлөп берүүнү убада кылышууда, ал эми облуста бул максаттар үчүн акча түшө баштады, бирок ал жерде бардык карыздарды төлөп берүүгө акча жетпей тургандыгын айтып жатышат.

""Укроборонпром" ишканаларында карыздар көп, деги эле аскер тармагында баары башаламан. Өнөр жай тармагында, айрыкча металлургиялык ишканаларда да карыздар жетиштүү. Анда ТЭЧ жумушчулары, унаа кызматкерлери ж.б. бар", — деп билдирген гезитке социалдык саясат, иш менен камсыз кылуу жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча парламенттик комитет башчысынын орун басары Сергей Каплин.

Анын айтымында, комитет азыр эмгек акысын индексациялоого иш берүүчүлөрдү милдеттендире турган мыйзам долбоорун иштеп чыгып жатат.

Маяна боюнча карыздарга байланыштуу элдер митингдерге чыгып жатышат, өткөн жумада Киевде комуналдык ишкана жумушчулары иш таштап, бир нече багыт боюнча трамвайлардын кыймылын токтотушкан.

Украина азыр оор саясий абалда. Бул анын экономикасына жана бюджеттик тармагына кедергисин тийгизүүдө. Өлкө анык дефолт алдында турат. Өкмөт өлкөнүн ички дүң жүгүртүүсү 2014-жылы 5 пайызга түшөт деп божомолдоп жатат. Ноябрда премьер Арсений Яценюк бул көрсөткүч 7 пайызга төмөндөшү мүмкүн деп билдирген. Ушундай эле божомолду Украинанын Улуттук банкы да жасап жатат. Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы өлкөнүн ички дүң жүгүртүүсү 7 пайызга, ал эми Fitch агенттиги 5 пайызга кыскарат деп божомолдойт. Бийлик экономиканы тыштан карызга алуу менен сактап калууга үмүттөнүп жатат. 2014-жыл ичинде Украина эл аралык каржы институттарынан жана өнөктөш өлкөлөрдөн 8,2 миллиард каржылык жардам алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0