Sputnik Интернетке жана радио толкунуна түрк тилинде чыкты

Жазылуу
tr.sputniknews.com жаңы сайты түрк аудиториясына көп сандагы жергиликтүү, россиялык жана дүйнөлүк кызыктуу жана көйгөйлүү темалар боюнча альтернативалуу көз карашты жеткирүүнү көздөйт.

БИШКЕК, 26-дек — Sputnik. Sputnik 26-декабрда түрк тилиндеги tr.sputniknews.com мультимедиалык сайтты жана радио берүүнү ишке киргизди деп билдирет РИА Новости.

Радио толкунун өлкөнүн алты — Стамбул, Анкара, Измир, Бурса, Анталия жана Манавгат шаарларында кармап укса болот, берүүлөр интернет-порталында да бар.

tr.sputniknews.com жаңы сайты түрк аудиториясына көп сандагы жергиликтүү, россиялык жана дүйнөлүк кызыктуу жана көйгөйлүү темалар боюнча альтернативалуу көз карашты жеткирүүнү көздөйт. Ал Москвадагы жана Стамбулдагы түрк редакцияларынын биргелешкен күч-аракетинин аркасында иштейт.

Түрк тилиндеги Sputnikтин берүүлөрүнүн сапаты журналисттердин жогорку кесипкөйлүгү, маалыматтардын эксклюзивдүүлүгү жана берилиш тездиги, учурда болуп жаткан дүйнөлүк окуялардын темалары терең жана ар тараптуу каралышы, ошондой эле аларга карата калыс жана объективдүү мамилеси менен аныкталат.

"Россия сегодня" мультимедиалык Sputnik брендинин бет ачарын жасады
Сайтта маалыматтар мультимедиалык форматтарда: инфографика, видео, фоторепортаждар, онлайн толкундары, интернет-добуш берүү түрүндө сунушталат. Оперативдүү жаңылыктардан сырткары, Sputnik Түркияда өз окурмандарына аналитикалык материалдарды, эксклюзивдүү маектерди, серепчилердин бааларын сунуштайт. Sputnikтин Түркияда FM-диапазонунда күнү-түнү берилишин RS FM радиостанциясы катары белгилүү болгон Стамбулдун хабы ишке ашырат. Жаңы долбоордун ишке киргизилиши менен радио берүүлөрдү интернет-порталынан да алып угууга болот.

Sputnik долбоорунун түрк тилиндеги расмий каналдары Facebook, Twitter, ВКонтакте и Google+ тармактарында күнү-түнү иштейт.

Sputnik — ондогон өлкөлөрдөгү мультимедиалык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Анын чет өлкөлүк аудиторияга багытталган маалымат жайылтуу каналдары – 30 тилдеги аймактык сайттары, аналогдук жана сан ариптик радио берүүлөры, уюлдук тиркемелери жана социалдык түйүндөрдө беттери бар. Жазылуучулар үчүн үчүн Sputnikтин жаңылыктык тасмалары күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде чыгып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0