Малайзияда Skype аркылуу ИМдин согушчанына турмушка чыккан кыз кармалды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: паранжа жамынган аял
Архив: паранжа жамынган аял - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызды жаңы жыл майрамы учурунда Куала-Лумпурдун полициясы аэропорттон кармаган. Жарым ай мурун ал Түндүк Африкалык согушчан менен никеге турган болчу.

БИШКЕК, 3-янв — Sputnik. Малайзиянын укук коргоо органдары "Ислам мамлекети" (ИМ) радикалдуу топ менен байланышы бар деп шектелген 27 жашар кызды кармашты. Малайзиялык кыз Сириянын согушчандарына кошулуп кеткен Марокконун жаранына Skype аркылуу турмушка чыгууну чечкен деп билдирет РИА Новости Straits Timesка таянуу менен.

Малайзиянын полиция кызматкери Тан Шри Халид Абу Бакар (Tan Sri Khalid Abu Bakar) аталган кыз ноябрда YouTube аркылуу тасмаларды көрүп жатып, ИМге кызыгып калганын белгиледи.

"Андан соң ал Түндүк Африкалык согушчан менен Skype аркылуу жакын таанышкандан кийин ага турмушка чыгууну чечкен. Африкалык болсо аны Сирияга келүүгө көндүргөн", — деп айтып берди малайзиялык полиция кызматкери.

Казакстандын Башкы прокуратурасы ИМ тасмасындагы балдардын ким экенин аныктады
Анын айтымында, кызды жаңы жыл майрамы учурунда Куала-Лумпурдун полициясы аэропорттон кармаган. Жарым ай мурун ал Түндүк Африкадан келген согушчан менен никеге турган. 

Ирак менен Сириянын олуттуу бөлүгүн ээлеп алган ИМдин кеңири таркашы өткөн жылдагы дүйнөлүк чоң көйгөйлөрдүн бирине айланган. АКШнын Башкы чалгындоо башкармалыгынын маалыматы боюнча 30 миң адамдан турган согушчандардын тобу басып алган жерлерде ислам халифатын жарыялап, өзүнө баш ийген аймактарды кеңейтүү аркеттерин жүргүзүүдө. 

ИМдин фронтунун айкын чеги азыркыга чейин аныктала элек. Согуш аракеттерин Сирия менен Ирактын мамлекеттик күчтөрү, ошондой эле аталган өлкөлөрдөгү курддар да жүргүзүп жатышат. АКШ жетекчилик кылган эл аралык коалициянын аракеттери азырынча авиациянын абадан сокку уруулары менен чектелүүдө. 

23-сентябрдан тартып америкалыктар шериктештердин колдоосу менен ИМдин Сирияда жайгашкан жерлерине абадан сокку уруп жатат, ушундай эле аракеттер Иракта да август айынан бери жүрүүдө. Ошону менен бирге Вашингтон авиацияны Дамасктын расмий уруксатысыз эле колдонууда. 

Куралдуу чыр-чатактын натыйжасында карапайым тургундардын арасынан курман болгондор миңдеп саналат. Жүз миңдегендери качкынга айланууга аргасыз болуп, дагы бир нече миңи ИМдин согушчандарынын колунда барымтада жатат.

"Ислам мамлекети" жөнүндө маалыматты толугу менен Sputnik даярдаган инфографикадан көрсө болот >>

Жаңылыктар түрмөгү
0