Меркель: РФ менен бирге ЕБ Европадагы коопсуздукка жетишүүгө умтулууда

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүCаммит форума "Азия- Европа"
Cаммит форума Азия- Европа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиянын канцлери Крымдын Россияга кошулуусуна жооп кылып, "Европа бөлүнүп калууну каалабай, өзүнүн тынчтык тартибин жана баалуулуктарын коргоо үчүн мурда болуп көрбөгөндөй бир бүтүн күч катары иш-аракет кылууну чечти" деп билдирди.

БИШКЕК, 5-янв — Sputnik. Европа биримдигинин өлкөлөрү Европадагы коопсуздукка жетишүүгө Россия менен бирге умтулууда деп билдирди Германиянын канцлери Ангела Меркель деп кабарлайт РИА Новости.

"Европа биримдиги Россиядан коргонууну эмес, аны менен бирге Европада коопсуздукту коргогусу келет", — деген Меркелдин жаңы жылдык кайрылуусундагы сөздөрдү келтирет "Франс Пресс" агенттиги.

АКШ менен Европа биримдигинин Россиянын саясатчылары менен ишкерлерине каршы санкциялары 

Батыш өлкөлөрү 2014-жылы Россиянын Украина боюнча көз караштарына байланыштуу бир катар россиялык саясатчыларга, ишкерлерге жана компанияларга каршы бир нече жолу санкцияларды киргизген. Акыркы жолу мындай чектөөлөр декабрь айында коюлган. Анда АКШнын президенти Крымга карата экономикалык блокада жарыялап, ал эми санкциялык тизмеге Крымдын жана Украинанын чыгышынан бир катар белгилүү ишмерлер киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0