The Wall Street Journal: ЕБ таркап кетүү мүмкүндүгүнө бүгүнкүдөй жакын болгон эмес

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКупюры евро
Купюры евро - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талдоочулардын эсептөөлөрү боюнча, өткөн жыл ЕБ үчүн карыздардан кутулуп, экономикалык өнүгүшкө жана иш орундарынын кайра түзүлүшүнө, аны менен бирге керектөөчүлүк ишенимге жетишүү жылы болот деп күтүлгөн. Бирок жыл жыйынтыктарына караганда, бардыгы эле кубанарлык болгон жок деп жазат америкалык ишкерлик гезит анын башкы себептерин көрсөтүү менен.

БИШКЕК, 6-янв — Sputnik. Батыштын санкцияларды колдонуу саясаты жана ага карата Москванын жооп иретиндеги аракеттери — Европага экономикалык каатчылыктан чыгууга мүмкүндүк бербей турган себептердин бири гана жана бул серепчилердин 2014-жылга карата жакшы божомолдоолоруна карабай болуп жатат деп билдирет РИА Новости The Wall Street Journal гезитине таянуу менен.

Европа биримдиги таркап кетүү мүмкүндүгүнө бүгүнкүдөй жакын болгон эмес деп ырастайт америкалык ишкердик басылма. 

"Талдоочулардын эсептөөлөрү боюнча өткөн жыл ЕБ үчүн карыздардан кутулуп, экономикалык өнүгүшкө жана иш орундарынын кайра түзүлүшүнө, аны менен бирге керектөөчүлүк ишенимге жетишүү жылы болот деп күтүлгөн эле. Бирок жыл жыйынтыктарына караганда, бардыгы эле кубанарлык болгон жок", — деп белгилеген гезит.

The Wall Street Journal мунун үч себебин белгилеп көрсөтөт. Украинадагы каатчылык, Батыштын Россияга карата санкцияларды колдонуу саясаты жана натыйжада алардын өзгөчө немис ишканаларына тийгизген терс таасири — ошол себептердин бири. Кытай экономикасындагы жана башка өнүгүп келе жаткан аймактардагы экономикалык өсүштүн басаңдоосу азыр болуп жаткандарга дагы бир себеп болот деп чечмелейт басылма. 

Жана, эгер биринчи эки себеп сырткы жагдайлар менен шартталса, үчүнчү себебин Европа биримдиги өзү жараткан. Евро аймагынын структуралык милдеттериндеги көйгөйлөр Европанын, айрыкча анын түштүгүндөгү өлкөлөрүнүн экономикасын кайра калыбына келтирүүгө тоскоолдук кылып келген. 

Көбүрөөк глобалдуу багыттагы реформалар аталган өлкөлөрдөгү структуралык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бермек деп баса белгилейт The Wall Street Journal.

Ошол эле учурда Испания, Португалия, Греция жана башка евро аймагынын экономикалары өзгөрүүлөрдөн чарчагандыктарын көрсөтүп жатышат. Ал эми Франция менен Италияда болсо, деп белгилейт гезит, оппозициялык түзүмдөрдүн кысымы астында өзгөртүүлөр боюнча ансыз деле чакан программаларды кыскартууга туура келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0