Хакерлер француз сайттарынын бетинде Charlie Hebdo дарегине коркутууларды жазган

Жазылуу
Гуссенвиль жана Эзанвиль шаарларынын интернет-сайттары кибер чабуулуна алынды.

БИШКЕК, 9-янв — Sputnik. Исламист хакерлер Франциянын эки шаарынын сайттарын бузуп кирип, аларда Charlie Hebdo сатиралык журналынын дарегине коркутууларды жайгаштырышкан деп билдирет РИА Новости.

Атамбаев "Шарли Эбдо" журналынын редакциясындагы терактка байлыныштуу Олландка көңүл айтты
Сайттары кибер чабуулуна алынган Гуссенвиль жана Эзанвиль шаарлары Иль-де-Франс деп аталуучу борбордук аймактын курамына кирет.

Интернет-сайттарда исламист хакерлер "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун символикаларын жана англис тилинде "Полестинага эркиндик, Францияга өлүм, Charlie-ге өлүм" деген жазууну жайгаштырган. Ошондой эле сайттарды L'APoca-Dz тобу бузуп кирди деп көрсөтүлгөн.

Кечээ Париждин 11-аймагында жайгашкан Charlie Hebdo редакциясынын имаратына үч кылмышкер кирип келип, ал жердеги адамдарга ок атышкан. Кол салгандар окуя болгон жерден автоунаа менен качып кетишкен. Ок атуудан 12 адам, анын ичинде журналдын төрт сүрөтчүсү, эки полиция кызматкери жана France Inter радиостанциясынын баяндамачысы каза болгон. Дагы 11 адам ар түрдүү жаракаттарды алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0