Уругвайдын президенти беш жыл ичинде кайрымдуулукка $550 миң доллар берген

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүАрхив: Хосе Мухико
Архив: Хосе Мухико - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Хосе Мухиканын декларациясында болгону бир үй, эки эски Volkswagen автоунаасы жана үч трактор катталган. Үй-бүлөсүнүн бардык мүлкү 200 миң долларга бааланат.

БИШКЕК, 10-янв — Sputnik. Уругвайдын лидери, мекендештеринин арасында эң кедей президент аталган Хосе Мухика жума күнү өлкөнү жетектеген беш жыл ичинде өз эмгек акысынан кайрымдуулукка 550 миң доллар жумшаганын айтып берди деп билдирет РИА Новости Telesur телеканалына таянуу менен.

2015-жылдын март айында Мухика мамлекет башчылыгынан кетет. Уругвайдын президентинин айтымында, ал 400 миң долларды өлкөнүн социалдык коргоого муктаж тургундарына турак-жай куруу боюнча 2010-жылы башталган долбоорго берген. Дагы 150 миң доллар азыркы башкаруудагы "Кенен фронт" партиясына мүчөлүк төлөмгө жумшалган. 

"Эгер мамлекет рыноктук өнүгүүнүн жүрүшүндө топтолуучу акча каражаттарын кайра бөлүштүрүүгө катышпаса, анда бул байлык бир кишинин колунда топтоло тургандыгы анык. Ошондой эле, эгер өлкө буга жол бере турган болсо, ал коомдун эки топко бөлүнүшүнө алып келет. Биринчиси өзүнүн жомоктогудай байлыгын тез көбөйтүүчүлөрдүн тобу, экинчиси жол четинде калуучулардын тобу болот", — дейт Мухика.

Уругвайдын лидери чынында эле Латын Америкасындагы бардык мамлекет башчыларынын эң өзгөчөсү деп эсептелет. Уругвайдын жарандары Мухиканы "эң кедей президент" деп аташат, себеби ал мурда деле өзүнүн чакан кирешесинин баарын кайрымдуулук үчүн жумшап келген. 

Салык декларациясына ылайык, Хосе Мухиканын үй-бүлөлүк мүлкү болгону 200 миң долларга бааланып, ага үйү, Volkswagen Beetle маркасындагы эки эски автоунаа жана үч трактор кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0