Парижде миллиондон ашуун адам терроризмге каршы жүрүшкө чыкты

© Sputnik / Галина Азуле / Медиабанкка өтүүМарш единства в Париже
Марш единства в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Францияда катары менен болгон бир нече терактка француздардын мурда болуп көрбөгөндөй улуттук биригүүсү жооп болду.

БИШКЕК, 12-янв — Sputnik. Францияда акыркы жумада болгон теракттардын курмандыктарын эскерүү менен, жалпы өлкө боюнча 3 миллиондон ашык адам терроризмге каршы жүрүшкө чыкты деп билдирет РИА Новости.

Франция бийлиги республикалык жүрүштү тарыхый деп, ал эми акцияны ондогон жылдардан берки өлкөдөгү эң чоң иш-чара деп атады. Он жети жыл мурун 1,5 миллион адам Париждеги Елисей талаасында Франциянын улуттук курама тобунун футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта жеңишин майрамдоого чогулган.

Франциянын ички иштер министри Бернар Казнев акциянын катышуучуларын так эсептеп саноо мүмкүн эмес, себеби акция жүрүп жаткан аймакта бардык көчөлөр менен аянттар элге жык толгон деп белгиледи. Акциянын катышуучуларынын болжолдуу саны 1,6 миллионго жакындады.

Жаңылыктар түрмөгү
0