Колинде Грабар-Китарович

Хорватия аял президентти шайлады

(жаңыланган 08:37 13.01.2015)
Бул Хорватиянын тарыхындагы алтынчы шайлоо. Ал алдын ала божомолдоо жагынан эң татаал болуп, талапкерлердин алган добуштарынын сандык айырмасы 20 миңге жетти. Ал эми бюллетендерди саноонун жүрүшүндө алардын улам бири алдыга чыгып жатты.

БИШКЕК, 12-янв — Sputnik. Хорватияны эми оппозициянын 46 жашар талапкери Колинда Грабар-Китарович жетектейт. Өлкөнүн азыркы президенти, 57 жашар социал-демократ Иво Йосипович утулуп калгандыгы анык болду деп билдирет РИА Новости.

Мамлекеттик шайлоо комиссиясы өлкөдө жекшемби күнү болгон шайлоонун жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, Грабар-Китарович шайлоонун экинчи турунда 50,43 пайыз добушка ээ болду. Ал эми Йосиповичке 49,57 пайыз тийди. Шайлоочулардын добуш берүүгө келиши 58,9 пайызды түзгөн.

Хорватиянын тарыхында алтынчы жолу өткөн президенттик шайлоо алдын ала божомолдоо жагынан эң татаал болуп, талапкерлердин алган добуштарынын сандык айырмасы 20 миңге жетти. Ал эми бюллетендерди саноонун жүрүшүндө алардын улам бири алдыга чыгып жатты.

Ошентип, 1991-жылы өлкөнүн көз карандысыздыгы жарыялангандан бери Хорватияны биринчи жолу аял президент жетектемекчи.

Биринчи жолу президенттигин узарта алган жок 

Иво Йосипович өлкөгө экинчи жолу жетекчилик кылуу укугуна жетпей калган Хорватиянын биринчи президенти болду. 

Серепчилердин пикиринде, Йосиповичтин утулуп калышынын башкы себеби жарандардын өлкөдөгү алты жылдан бери рецессиядан чыга албаган социалдык-экономикалык абалына нааразылыгы болду. 

Жарандык коом президенттин атын Зоран Миланович жетекчилик кылган азыркы өкмөттүн ийгиликсиз экономикалык саясаты менен тыгыз байланыштырат, жана расмий түрдө эч партияга кирбеген Йосипович премьерден өзүн жетишерлик алыс кармай алган жок. 

Жаңы лидер

Грабар-Китарович 1968-жылы 29-апрелде Риека шаарында туулган. 1992-жылдан артып Тышкы иштер министрлигинде ар кандай кызматтарда иштеген. 2003-жылы Иво Санадердин өкмөтүндө европалык интеграциялар боюнча министрдин кызматын, ал эми 2005-жылы тышкы иштер жана европалык интеграциялар боюнча министрдин кызматын ээлеген. Ошол эле жылы Европа биримдигине кирүү боюнча Хорватиянын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча тобун жетектеген. 2008-жылдын башында Хорватиянын АКШдагы элчиси болуп дайындалган. Ал эми 2011-жылдын июнунан тартып НАТОнун Башкы катчысынын коомдук ачык дипломатия боюнча жардамчысынын иш милдетин аткаруу менен, альянстагы эң жогорку даражалуу аял кызматкер болгон. Ал бул кызматты 2014-жылдын күз мезгилине чейин аткарган. Хорватиянын ЖМК маалыматтарына караганда, Грабар-Китарович азыр да НАТОнун кызматчысы болуп эсептелет, бирок расмий түрдө акы төлөөсүз эс алууда деп эсептелет. 

Өмүрлүк жолдошу Яков Китарович менен студент кезинде таанышкан, Катарина жана Лука аттуу эки баласы бар. Англис, испан жана португал тилдерин мыкты билет, француз, италия жана немис тилдеринде да сүйлөйт.

Белгилер:
Иво Йосипович, Колинда Грабар-Китарович, Хорватия
Тема боюнча
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2015-жылдын 1-ноябрында болушу мүмкүн
Балыкчыда бүгүн шаар башчысын шайлоо жүрүп жатат
Өсүмдүк майы. Архив

Россия суу май экспорттоодо эркин пошлина киргизет. Кыргызстанга таасири

Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлиги Россия өсүмдүк майын экспорттоого киргизип жаткан пошлинанын жаңы түрү Кыргызстанга көлөкөсүн түшүрбөйт деп эсептейт.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россия ушул жылдын 1-сентябрынан тарта күн карама майын экспорттоого эркин пошлина системасын киргизгени турат. Бул тууралуу март айынын соңунда РФтин экономикалык өнүгүү министри Максим Решетниковго шилтеме берип "Известия" басылмасы кабарлаган.

Sputnik агенттиги жагдайдын Кыргызстанга кандай таасир этерин карап көрдү.

Эркин пошлина деген эмне?

Бул учурда пошлинанын суммасы товардын көлөмү жана баасын эске алуу менен кырдаалга жараша ар кандай болот. Башкача айтканда, кайсы бир баа аныкталып, товар андан арзан сатылса, пошлина алынбайт. Эгер андан кымбат сатыла турган болсо, мурда аныкталган баа менен азыркы сатылып жаткан нарктын ортосундагы сумманын 70 пайызы пошлина катары мамлекеттик бюджетке төлөнөт. Калган 30 пайызы өндүрүүчүнүн өзүндө калат. Адатта бийлик мындай системаны өз экономикасына пайда алып келүү үчүн, тагыраагы, бааларды ооздуктап, ошол эле учурда өндүрүүчүлөргө дагы киреше калтыруу үчүн киргизет.

Максим Решетниковдун айтымында, Россия өкмөтү жогоруда айтылып жаткан, андан жогору болгон учурда пошлина алынчу бааны аныктай элек.

"Эмне себептен пошлинанын жаңы түрү 1-сентябрдан тарта киргизилүүдө? Анткени өкмөт түшүмдү байкап туруп, ошого карата чечим кабыл алат", — деди министр.

Кыргызстанга кандай таасир этет?

Кыргызстан өсүмдүк майы менен өзүн 17 гана пайыз камсыздай алат. Калганын башка өлкөлөрдөн, анын ичинде Россиядан алат. Мисалы, 2020-жылы РФтен биздин өлкөгө 37 миң тонна өсүмдүк майы импорттолгон. Негизи эле Россия ЕАЭБ өлкөлөрүн суу май менен камсыздаган ири өндүрүүчү болуп эсептелет.

Былтыркы жылдын жайында Россиянын түштүгүндө кургакчылык болуп, түшүмдүүлүк азайган соң өсүмдүк майы биримдикке кирген өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда дагы (57 пайыздан көбүрөөк) кымбаттаган.

Бул жагдайларды эске алуу менен премьер-министрдин мурдагы кеңешчиси Кубат Рахимов эркин пошлина Кыргызстанга зыян келтирбейт деп эсептейт.

"Ири өндүрүүчү болуп эсептелген Россиянын ички рыногунда баалардын туруктуу же арзан болушу ЕАЭБге кирген башка өлкөлөргө дагы пайдасын тийгизет. Интеграция иштей баштаганын ушундан байкаса болот", — деди ал.

Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлиги дагы ушундай эле пикирде. Ведомствонун адистеринин айтымында, эркин пошлина экономикалык биримдикте турган өлкөлөргө көлөкөсүн түшүрбөйт.

Белгилер:
пошлина, баалар, Өсүмдүк майы, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда баалардын өсүшү качан токтойт. ЕАӨБ божомолун айтты
Кумшекер бир айда 7,2 пайызга кымбаттады. Жер-жерлердеги баалар

Толкун менен жарышып сёрфинг тепкен спортчулардын бүйүр кызыткан видеосу

Динамикалуу музыканын ыргагында сёрфинг тепкен спортчулар укмуштуудай трюктарды жасап жатканын көрүүгө болот.

Эки мүнөткө жетпеген видеодо спортчулар океандын толкуну менен жарышкан кереметтүү кадрлар камтылган.

Ролик YouTube компаниясынын расмий баракчасына жарыяланды.

Белгилер:
толкун, спорт, серфинг
Тема боюнча
Болбогон жерден жем болду… Чалынып кетип арстанга кармалган эликтин видеосу
Вакцина алып жаткан бейтап. Архив

Кыргызстандын бардык аймактарында эмдөө пунктулары ачылды. Даректер

Эмдөө пунктулары аймактык оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун базасында ачылганы айтылды. Учурда вакцинаны медиктер, мугалимдер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери алууда.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын бардык аймактарында убактылуу эмдөө жайлары ачылганын билдирди.

Чүй облусунда 8 жерде ачылган. Алар:

  • Аламүдүн району, Лебединовка айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Ысык-Ата районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Чүй районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Кемин районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Сокулук районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Москва району, Беловодское айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Жайыл району, Кара-Балта шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Панфилов району, Панфилов айылындагы жалпы дарыгерлик практикалык борбору.

Бишкек шаары

  • №1, №2, №3, №4, №5, №6, №7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда коронавируска каршы эмдөө жасалат.

Ош шаары

  • №1, №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору.

Ысык-Көл облусу

  • Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларындагы жалпы дарыгерлик практикалык борбору.

Жалал-Абад

  • Ноокен районундагы аймактык оорукананын базасы;
  • Майлуу-Суу шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Базар-Коргондогу Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Ала-Бука районундагы аймактык оорукананын базасы;
  • Аксы районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Ош облусу

  • Кара-Суу районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Араван районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Кара-Кулжа районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Өзгөн районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Куршабдагы жалпы дарыгерлик практика борбору;
  • Ноокат районунда Медигос жана Барын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Алай районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Чоң-Алай районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Нарын

  • Нарын шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
  • Ат-Башы районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Ак-Талаа районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Кочкор районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Жумгал районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Талас

  • Талас шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • Кара-Буура районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

Баткен

  • Баткен шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда коронавируска каршы эмдөө пункту ачылган.

Министрлик учурда вакцинаны медиктер, мугалимдер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери алып жатканын белгиледи.

Белгилер:
дарек, оорукана, пункт, эмдөө, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Коронавируска каршы вакцина алган кыргызстандыктардын азыркы абалы айтылды
11 миңдей орун даяр турат. Өкмөт COVID-19дун үчүнчү толкунунан кантип өтөт