Америкалыктар башкы көйгөйлөрдүн бири — улуттар аралык келишпестик маселелери деп эсептейт

© REUTERS / ANDREW KELLYАрхив: АКШдагы окуялар
Архив: АКШдагы окуялар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоо Sputnik агенттигинин өтүнүчү менен ICM Research компаниясы тарабынан АКШда 2014-жылдын 5-17-декабрында жүргүзүлгөн. Ага миңден ашуун адам катышты, алардын катарында жыныстык, жаш-курагы, ошондой эле географиялык жактан түрдүү топтордун өкүлдөрү бар.

БИШКЕК, 22-янв — Sputnik. Sputnik агенттигинин өтүнүчү менен ICM Research компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжаларына ылайык, америкалыктардын дээрлик 70%ы расалар жана улуттар аралык келишпестиктер бүгүнкү күндө америкалык коомдун эң курч көйгөйлөрүнүн бири деп эсептейт.

Бүгүнкү күндө расалар жана улуттар аралык келишпестиктер америкалык коомдо эң курч көйгөйлөрдүн бири деген ойго канчалык кошуласыз деген суроого америкалыктардын 67%ы "толук макулмун" же "макулмун десем болот" деп жооп берген. Терс жооп бергендердин саны 21%ды түздү.

Сурамжылоо Sputnik агенттигинин өтүнүчү менен ICM Research компаниясы тарабынан 2014-жылдын 5-17-декабрында АКШда жүргүзүлгөн. Ага миңден ашуун адам катышып, алардын катарында жыныстык, жаш-курагы, ошондой эле географиялык жактан түрдүү топтордун өкүлдөрү бар.

АКШда өткөн жылдын ноябрь жана декабрь айларында полиция кызматкерлери тарабынан болгон негизсиз зомбулук аракеттерине байланышкан массалык нааразылык акциялары өткөн. Атап айтканда, Америка коомунда толкундоолорго африкалык-америкалыктар: Нью-Йоркто колго түшүрүү учурунда муунтуп өлтүрүлгөн Эрик Гарнер менен Мссури штатында полиция тарабынан атылган Майкл Браундун өлүмү себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0