Google Крымга каршы: пайдалануунучуларга тосмо коюлду, акчалары кайтарылбайт

Жазылуу
АКШнын компаниялары 2015-жылдын 1-февралына чейин Крым менен болгон бардык ишкердик мамилелерин аяктоого милдеттендирилди. Жарым аралга карата мамлекет башчысынын мындай аракеттер тууралуу Жарлыгына өткөн жылдын декабрына кол коюлган.

БИШКЕК, 24 янв — Sputnik. Эң ири интернет-сайттарынын бири Google өзүнүн крымдык өнөктөштөрүнө алардын аккаунттарын пайдаланууга бөгөт коюлганы жана акча эсептери жабылганы тууралуу маалымдады деп билдирет РИА Новости.

Таратылган документте Google Крымда каттоосу бар пайдалануучулардын Google AdSense барагына кирүүгө бөгөт койгондугу жана алардын акчаларын кайтарып берүү боюнча каржылык эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү жок экендиги айтылат.

АКШнын компаниялары 2015-жылдын 1-февралына чейин Крым менен болгон бардык ишкердик мамилесин токтотушу керек. Бул тууралуу Жарлыкка АКШ президенти Барак Обама өткөн жылдын декабрында кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0